УКМК коррупция менен күрөшүүдөн 67 млн. сом кайтарды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСудебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева
Судебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупция менен күрөшүүдөн Бирдиктүү депозиттик эсепке 67 миллион 644 миң 674 сом которгонун маалымдады.

Жалпы жонунан аталган эсеп ачылгандан бери УКМКнын өлкө казынасына кайтарган акчасынын суммасы 371 миллион 291 миң 36 сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 16-майында коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка кол коюп, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган

Жаңылыктар түрмөгү
0