Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек каза болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГүл кармап турган адам. Архив
Гүл кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрнис Асек журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал көптөн бери ооруп жүргөн.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Журналист, котормочу, акын Эрнис Асек дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери кабарлашты.

 Кесиптештеринин айтымында, Эрнис Асек уулу (Эшимканов) ооруп жүргөн. Белгилей кетсек, маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал буга чейин "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Кийин  "Баягы Асаба" гезитин да чыгарып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0