Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан жөн гана машина эмес, темир тулпар деп атоого татыктуу автолорду чогултту. Булардын сулуулугу көз жоосун алып, баасы оозду ачырат.

Автоунаа эчактан бери эле бардар жашоонун белгиси болбой калды. Азыр ал жөн гана күнүмдүк тиричиликтин ажыратып алгыс бир бөлүгү. Бирок көркөмү көз талдырып, атагы алыска кеткен автолор дагы бар. Көпчүлүктүн колу жетпеген мындай темир тулпарлар ээсинин кадыр-баркын, капчыгынын калыңдыгын айгинелеп турат.

© Фото / предоставлено владельцем автоКыргызстанда чогултулган "Тулпар Карагер"
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чогултулган "Тулпар Карагер"

1. "Тулпар Карагер" Кыргызстанда чогултулган, ал ушунусу менен уникалдуу. Жасап чыккан топтун башында дизайнер Медер Койлубаев турат. Машина BMW автосунун негизинде куралган. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 400 аттын күчүнө барабар. Салмагы — 1,5 тонна. Дизайнердин айтымында, машина азыр демөөрчүлөрдүн унаа токтотуучу жайында. Аны жасап чыгууга жалпысынан 50 миң доллар сарпталган экен.

© Фото / предоставлено владельцем автоFerrari 458 Italia
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Ferrari 458 Italia

2. Ferrari 458 Italia сегиз цилиндрлүү спорттук унаанын кыймылдаткычынын көлөмү — 4499 куб, кубаттуулугу — 570 аттын күчү. 3,4 секунддун ичинде саатына 100 чакырымга күүлөнө алат. Ылдамдыгынын жеткен чеги — саатына 325 чакырым. Бир чакырымына 13,7 литр май ичет. Аны Кыргызстанга "Имарат Групп" курулуш компаниясы алып келип, лотереяда байге катары койгон. Базардагы орточо баасы 113 миңден 146 миң долларга чейин.

© Sputnik / Табылды КадырбековAston Martin Vanquish S Ultimate
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Aston Martin Vanquish S Ultimate

3. Aston Martin Vanquish S Ultimate — өлкө боюнча бул үлгүдөгү жападан жалгыз автоунаа. Кыймылдаткычынын көлөмү алты куб. Негизи мындай машинанын дүйнө жүзү боюнча 175 даанасы чыгарылган, анын бирине кыргызстандык ээлик кылат. Кубаттуулугу — 595 аттын күчү. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 323 чакырым. Автоунааны толугу менен тейлөө кызматын көрсөткөн адистин айтымында, болжолдуу баасы — 1 миллион доллар.

© предоставлено владельцем автоMercedes-Benz w 114coupe 280C 1974
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Mercedes-Benz w 114coupe 280C 1974

4. Mercedes-Benz w 114coupe 280C 1974 — өз учурунда өтө эле коопсуз жана ыңгайлуу болуп эсептелген бул машина Кыргызстанга 2018-жылы Калифорниядан алып келинген. Анын ээсинин мындан башка дагы үч ретромобили бар. Кожоюну автонун баасын атагысы келген жок.

© Фото / предоставлено владельцем автоFord Fairlain V8 1969
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Ford Fairlain V8 1969

5. Ford Fairlain V8 1969. Кыймылдаткычынын кубаты 200 аттын күчүнө барабар. Аны Подмосковьеге советтик моряк кеме менен алып келген. Ал эми 2019-жылы Роман аттуу кыргызстандык сатып алып, Кыргызстанга алдырган. Ээсинин айтымында, аны реставрациялоо иштери аяктай элек.

© Фото / предоставлено владельцем автоLamborghini Huracаn LP 610-4
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Lamborghini Huracаn LP 610-4

6. Lamborghini Huracаn LP 610-4 саатына 100 чакырым ылдамдыкка 3,2 секундда жете алат. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 325 чакырым. Кыргызстанга аны биринчи жолу ишкер Тимур Файзиев алып келген. Базардагы орточо баасы — 160-200 миң доллар.

© предоставлено владельцем автоFord Mustang V 3.7
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Ford Mustang V 3.7

7. Ford Mustang V 3.7. Копьютердик ГТА оюнун сүйгөндөрдүн баары бул автоунааны тааныды болуш керек. Кыймылдаткычынын көлөмү — 3720 куб, кубаттуулугу — 305 аттын күчү. 2012-жылы чыккан бул темир тулпардын баасы Кыргызстанда 23 миң доллар турат.

© Фото / предоставлено владельцем автоFord Mercury Montego MX 1971
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Ford Mercury Montego MX 1971

8. Ford Mercury Montego MX 1971 — америкалык Ford авто куруучу компаниясынын бул машинасы эки эшиктүү. Аны кыргызстандык былтыр Костанайдан сатып алган. Ээсинин айтымында, реставрациялоо иштери аяктап калды, жакында бул унааны бишкектиктер көчөдөн көрө алат.

© Фото / предоставлено владельцем автоTOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
TOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro

9. TOYOTA TUNDRA CrewMax Devolro — бул авто эч кимди кайдыгер калтырбайт. Чыккан жылы — 2017, кубаттуулугу — 530 аттын күчү. Артыкчылыгы — тоолуу жерлерде жакшы жүрөт. Базардагы баасы — 185 миң доллар.

© Фото / предоставлено владельцем автоMercedes-Benz Sl280 R107 1979
Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор - Sputnik Кыргызстан
Mercedes-Benz Sl280 R107 1979

10. Mercedes-Benz Sl280 R107 1979 — германиялык Mercedes-Benz концернинин SL класстагы бул автосу 1979-жылы чыккан, аны 2018-жылы кыргыз жараны Чикагодон сатып алып, өз өлкөсүнө алып келген. Ошол эле жылы толугу менен реставрациядан өткөргөн.

11. Audi А8 W 12 — 2015-жылы чыгарылган. Максималдуу ылдамдыгы — саатына 250 чакырым. Ал эми саатына 100 чакырымдык ылдамдыкка 4,7 секунддун ичинде жете алат. Базардагы орточо баасы —25-51 миң доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0