Кыргызстанда жумушу жок жарандар канча жөлөк пул алары айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөдө жумушсуз катары 94,2 миң адам катталып, анын ичинен 27 миңи иш менен камсыздалганы айтылды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жумушсуз отурганы үчүн 123 жаран мамлекеттен жөлөк пул алат. Бул туурасында парламенттин жалпы жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул өтө аз суммада, айына 300 сом гана берилгендиктен көбү кайрыла бербейт. Мында социалдык жардам алуу үчүн үч документ — паспорт, алган билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керектелет.

"Жумушсуз катары катталган 94,2 миң адамдын 27 миңин иш менен камсыздадык. Мурда аларга 250 сом төлөнчү, жакында 50 сомго көбөйттүк. Бюджетке карап аз-аздан суммасын жогорулатуу аракетин көрүп жатабыз. Бизге катталган адамдар башка социалдык жеңилдиктерди да алышат. Эгер алардын айлык кирешеси 1000 сомдон ашпаса, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине 810 сомдон төлөнөт", — деди Токтосартов.

Ошондой эле ал жумушсуз адамдарга жөлөк пул берүү үчүн жылына өкмөт тарабынан беш миллион сом бөлүнөрүн билдирди.

Буга депутат Руслан Казакбаев дени сак адамдарга жөлөк пул бере берүү туура эмес экенин айтып, ал каражатты майыптар менен пенсионерлерге ыйгаруу керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0