Бишкекте меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропортто конок тосуу. Архив
Аэропортто конок тосуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форум 20-февралга белгиленген. Анда чет элдик спикерлер тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү. Иш-чаранын биринчи бөлүгү отельерлерге, экинчи бөлүгү рестораторлорго арналат.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада чет элдик спикерлердин катышуусунда меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 20-февралга белгиленген. Анда чет элдик спикерлер тажрыйба бөлүшмөкчү. Форумдун биринчи бөлүгү отельерлерге, экинчи бөлүгү рестораторлорго арналат.

Мындан тышкары кошумча үч аянтча каралган;

  • "Бизнес академия" — чет элдик жана алдыңкы бизнес тренерлер сүйлөйт;
  • "Көргөзмө" — бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тармактардагы алдыңкы өнөктөштөрдүн презентациялары;
  • "Жашыл экономиканы өнүктүрүү" — эксперттерден интерактивдик сессиясы.

Ошондой эле 21-февралда форумдун алкагында VIP сессиянын өтүшү күтүлүүдө. Анда ишкерликти өнүктүрүү боюнча жеке консультациялар каралган.

Уюштуруучулар HoReCa Club ассоциациясы менен Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти болуп саналат.

Форумга катышуу акысыз экендиги айтылды. Ал эми сессияга кошумча каражат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0