Ош шаарында коронавирусту алдын алуу максатында атайын штаб түзүлдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ош
Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаадагы медициналык жайлардын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө кошумча палаталар даярдалганы айтылды. Ошондой эле дары каражаттары менен бет каптар беленделген.

ОШ, 28-янв. — Sputnik. Ош шаарында облус боюнча коронавирусту алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облус боюнча координатору Абдимитал Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, штаб министрликтин тапшырмасы менен түзүлдү. Учурда Ош боюнча илдетке кабылгандар жана шек жараткан бейтаптар жок.

"Калаадагы медициналык жайлардын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында кошумча палаталар даярдалды. Ал жактарда дары-дармек менен бет каптар жетиштүү. Ошто лабораториялык жабдыктардын жардамы менен дартты аныктоого мүмкүнчүлүк бар", —  деди Шамшиев.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус курмандыгы 106га жетти. Кытайдагы абал
Мындан тышкары, "Ош" эл аралык аэропорту менен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктунда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө күчөтүлүп, тепловизор коюлган.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 4515ке жетип, анын ичинен 106 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0