Бишкекте коронавирус боюнча суроолорго жооп берген телефондор иштей баштады. Номерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековДевушка говорящая по стационарному телефону
Девушка говорящая по стационарному телефону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен адистер коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал, илдетти алдын алуу жолдору жана негизги симптомдору тууралуу маалымат бере турганын белгилешти.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча суроолорго жооп берген тынымсыз байланыш линиясын ачты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандыктар 0 (312) 32-30-55, 0 (312) 32-32-02 жана 0 (550) 03-36-07 номерлери аркылуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине чала алат.

Супермаркет Перекресток в Москве - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Кытайдан эт жана жер-жемиш киргизүүгө тыюу салынды
Министрликтен департаменттин адистери коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал, илдетти алдын алуу жолдору жана негизги симптомдору тууралуу маалымат бере турганын белгилешти.

Ошондой эле температура, жөтөл жана дем алуу кыйындаган белгилер болуп жатса, 103 номерине чалуу же үйгө дарыгер чакыруу сунушталды.

Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын убактылуу токтотууну чечти

Бактыга жараша, Кыргызстанда бул боюнча абал тынч. Жекшемби күнү мессенджерлерде коронавирустун Бишкекке жеткени боюнча маалымат тарап, бирок аны Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев четке каккан

Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 2,8 миң адамга жугуп, 80 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0