14:36 07 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.2200
  • EUR87.1891
  • RUB1.0824
Коом
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

Учурда Акман айыл аймагында 1344 бала кезекте турат. Пайдаланууга берилген жаңы бала бакча 22 миллион сомго курулган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында №38 "Гүлдесте" аттуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында №38 "Гүлдесте" аттуу бала бакча пайдаланууга берилди.
"Буга чейин аталган айыл аймакта бир дагы бакча болгон эмес. Көпчүлүк тургундар балдарын райондун борборунда жайгашкан бала бакчаларга алып барышчу. Эми 75 орундуу "Гүлдестеге" беш айылдагы бөбөктөр да кабыл алынат", — деди өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Байгазы Райымкулов.

Учурда Акман айыл аймагында 1344 бала кезекте турат. Пайдаланууга берилген жаңы 75 орундуу бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 22 миллион сом жумшалган.

Тема боюнча

Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди. Сүрөт
Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери
Белгилер:
бала бакча, Жалал-Абад облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ