Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен...

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть.
Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мен көзүм тойгон адаммын. Күйөөмө кымбат унаа алып бер, баалуу белек тартуула деп эч качан айткан эмесмин. Эгер ошондой аял болсом, анын бизнес менен алектенүүсүнө жолтоо болмокмун.

Бул сөздөрдү маек учурунда коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева айтып өттү.

Эгембердиев 2015-жылы өпкө оорусунан каза тапкан. Учурда анын түптөгөн ишин үй-бүлөсү аркалоодо. Көзү тирүү болсо 14-январда (расмий документ боюнча) 69 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги анын өмүрлүк жубайы менен маек курду.

— Табылды байкенин баштаган ишин таштабай улантып келе жатасыз. Күч-кубатты кайдан аласыз?

— Адам өлгөндөн кийин жакындары анын тирүү экенин сезип турат экен. Табыкем азыркыга чейин жанымда жүргөнсүйт. Кыйналсам түшүмө кирет. Өзүмчө терең ойлонгондо айтып жүргөн сөздөрүн эстейм. Бир нерсе жасаганда "атабыз көрүп жатат, ыраазы болуп жатат" деп ойлоп, ошондон шыктанып, күч алам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңылсынзат Турганбаева: Табыкем азыркыга чейин жанымда жүргөнсүйт. Бир нерсе жасаганда "атабыз көрүп жатат, ыраазы болуп жатат" деп ойлоп, ошондон шыктанып, күч алам. 
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Жаңылсынзат Турганбаева: Табыкем азыркыга чейин жанымда жүргөнсүйт. Бир нерсе жасаганда "атабыз көрүп жатат, ыраазы болуп жатат" деп ойлоп, ошондон шыктанып, күч алам. 

— Табылды байке түптөгөн белгилүү компания менен эс алуучу этнокомплекстердин ишин өзүндөй кылып алып кетүү кыйын болдубу?

— Ал киши идеяны ойлоп таап, көбүнчө курулуш иштери менен жүрчү. Мен башкаруу иштери менен алектенип, майда жумуштарды бүтүрчүмүн. Анын ой-максаттарын сезген үчүн бизнестерин алып кетүү оорчулук жараткан жок. Бирок жолдошум дайыма эле жетишпей турат. Ал киши жасаган нерсени мен баары бир жасай албайм... Мына беш жылдан бери көзү жок. Ушул убакытта кандай гана жакшы нерселерди ишке ашырмак эле...

Табыкемдин алдым-жуттум сапаты жок болчу. Көзү тирүүсүндө деле үйүп-жыйып байлык топтогон жок. Ишкерликтен түшкөн акчаны кайра эле ишкерликке жумшачу. Идеяларын жүзөгө ашырууда акча тартыш болгондуктан банктан ири суммадагы насыяларды алчу. Каражаттын айынан дагы көп нерсени жасабай кетти.

— Жолдошуңуздун жаратман экендигин эл билет. Өзүңүз ишкерликте эмнени ойлоп таба алдыңыз?

— Байкеңер компаниянын концепциясын түзүп кеткен. Ага ылайык улуттун унутулуп бара жаткан баалуулуктарын чыгарышыбыз керек. Ошону улай соңку жылдары талкан кошкон майдан шоколад жасап чыгардык. Ал эми былтыр "Кыргыз сонундук" аталышындагы тамак-аш түйүнүн ачканбыз. Мен азыр колумдан келгенин кылып жатам.  Чоң иш кылдым деп мактана албайм. 

© Фото / Жанарбек АманкуловСоңку жылдары талкан кошкон майдан шоколад жасап чыгардык. Ал эми былтыр "Кыргыз сонундук" аталышындагы тамак-аш түйүнүн ачканбыз.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Соңку жылдары талкан кошкон майдан шоколад жасап чыгардык. Ал эми былтыр "Кыргыз сонундук" аталышындагы тамак-аш түйүнүн ачканбыз.

— Ал кишинин мүлкү бөлүштүрүлгөн да, ээ? 

— Табыкем жакшынакай жүрүп эле ооруп калбадыбы. Ошондон кийин жети ай жашады. Бул убакытта мүлк темасы тууралуу сүйлөшкөн жокпуз. Бирок акыркы убактарда өзү юристти чакырып, мүлкүн өткөрүп берүү менен иштеди.

Тирүү кезинде байлыгымды балдарыма тең бөлөм деп айтып жүрчү. Табыкемдин биринчи никесинен төрт баласы бар. Менден эки балалуу болгон. Натыйжада "Шоро" компаниясындагы үлүштөр аларга жана мага тең бөлүндү. Биринчи жубайынан төрөлгөн бир кызы өтүп кеткен, анын акциясын баласына берди. Ал эми "Супара" этнокомплексине ким көбүрөөк эмгек кылса ошого берем деп чечкен. Ал мага жана эки уулуна карайт.

— Балдарыңыз эмне менен алектенет?

— Табылды байкең экөөбүздүн уулубуз 21, кызыбыз 19 жашта. Экөө тең Америкада билим алат.

— Жолдошуңуздун биринчи никедеги балдары менен мамилеңиз кандай?

— Табыкем экөөбүздө жашыруун мамиле болгон эмес. Балдарына да бул жөнүндө ачык айткандыктан туура кабыл алышкан деп ойлойм. Алар менен мамилебиз жакшы, сыйбыз. 

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Табылды экөөбүздүн уулубуз 21, кызыбыз 19 жашта. Экөө тең Америкада билим алат.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Табылды экөөбүздүн уулубуз 21, кызыбыз 19 жашта. Экөө тең Америкада билим алат.

— "Шоро", "Супара" дегенде Табылды Эгембердиевдин аты аталат. Бул иштердин түптөлүшүндө канчалык салымым бар деп ойлойсуз?

— Мен кичинекей кезимен көзүм тойгон адаммын. Жолдошума кымбат унаа алып бер, баалуу белек тартуула деп эч качан айткан эмесмин. Эгер ошондой аял болсом, аны ишкерлик менен алектенүүсүнө жолтоо болмокмун деп ойлойм. Биз 80-жылдары курулган беш кабаттуу үйдөгү үч бөлмөлүү батирде жашап, сөөгү ошол жерде чыккан. Азыркыга чейин ошондо турабыз. Эгер хан сарай салдырсам, азыр бир бурчунда ыйлап отурмакмын.

Бизнесмен, общественный деятель Табылды Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Табылды Эгембердиевсиз төрт жыл... Эстелик сүрөттөр
Мага ата-энем жакшы тарбия берген деп ойлойм. Биз эч нерседен кем болбой жашадык. Атам Советтер Союзу учурунда партиялык кызматкер эле. Ал бүлөсүнө эч убакта мамлекеттик мүлктү колдонткон жок. Жада калса түштөнүүгө келгенде бир жакка барууга кызматтык унаасын сурасак берчү эмес. Айдоочусун да жумшатчу эмес. Ошол сапаттар балдарына өттү.

Апам башталгыч класстын мугалими болчу. Биздин жаныбызды тындырбай жумуш жасаттырчу. Күнүмдүк иштерден сырткары кийиз жасатып, шырдак шырытып, жүн сабатаар эле. Бөтөнчө тамактарды сонун жасачу, ал "Супаранын" менюсунда дагы бар.

Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Жети кыздан кийин эркек бала төрөлгөн. Мен бешинчисимин. 

— "Супара" кымбат деген пикирлерди угуп калам.

— Атабыз "эмнеге чет өлкөдөн келген инвесторлордун жасап койгон эс алуучу жайы кымбат, кыргыздыкы арзан болушу керек" деп айтчу.  Бул комплекске инвестиция көп жумшалган. Башынан эле тейлөө кымбат, бирок ошого жараша сапаттуу болот деп чечилген.

Мен мактангандай болбоюн, чет өлкөгө барганда тарыхыңарды көрсөтө турган жер барбы деп сурачубуз. Тамагын да, суусундугун да даамдап, улуттук кол эмгектерин, тарыхын бир комплекстен көрсөтө ала турчу "Супарадай" жер таппадык.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧет өлкөгө барганда тарыхыңарды көрсөтө турган жер барбы деп сурачубуз. Тамагын да, суусундугун да даамдап, улуттук кол эмгектерин, тарыхын бир комплекстен көрсөтө ала турчу "Супарадай" жер таппадык.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөгө барганда тарыхыңарды көрсөтө турган жер барбы деп сурачубуз. Тамагын да, суусундугун да даамдап, улуттук кол эмгектерин, тарыхын бир комплекстен көрсөтө ала турчу "Супарадай" жер таппадык.

— Табылды байке идеяларын ишке ашыруу менен алектенип жүргөндө турмуш-тиричиликке деле көңүл бурбай калчу экен деп окугам. Сизге күйөөлүк, жарлык милдетин канчалык аткарды деп ойлойсуз?

— Көзү өткөнүнө беш жыл болду. Менде башка эркек менен мамиле курсам деген ой жок. Демек, Табыкем менин көңүлүмдү калтырбай жашаган. Азыркыга чейин аны сагынам. Ортодогу мамилебизди туу тутуп, ушул ыйык нерсенин бузулушун каалабай жашап келем.

Табыкемдин жакшы көрөрүн кылган мамилесинен сезип турчумун. Ал күндө "сүйөм" деген сөздөрдү айтканды, белек-бечкек берип көңүл алганды жактырчу эмес. Себеби мунун бардыгын жасалма деп ойлочу. Көңүлүмдү гүлдөй өстүрүп, аёо мамиле кылган адам бар деп жашагам. Ал сезим азыр да бар.

— Табылды байке сизден 19 жаш улуу болчу да. Элде өзүнөн улууга турмушка чыкса акчасына, байлыгына карап тийди деген сөздөр айтылат эмеспи. Мындайда сезимдер да эске алынбай калат. Сизге дагы ушинтип айткандар болду беле?

— Табыкем менин биринчи никем. Турмушка чыгарда кандай гана сөздөрдү уккан жокмун. Деги эле "макул" деген киши болгон эмес, бирок сүйүү сезими жеңет экен. Кантип баш кошуп калганыбызды өзүбүз байкабай калдык. Ал киши экөөбүздүн үй-бүлөлүк моделибиз башкача болчу. Мисалы, мен тарбияланган бүлөдө эркек жумуштан чарчап келет, аялы тамагын берип, бала-чакасы менен сүйлөшүп отурушат. Мындай картина күндө кайталанчу. Бизде болсо ал киши идеясын айтып, анан мен аны талкуулап, бири-бирибиз менен ой талашып жатып эле өмүрүбүз өтүп кеткендей туюлат. Үйдө убагында тамак ичүү деген жок болчу. Жолдошумдун ою бөлүнүп кетпесин дечүмүн. Ал дагы өзүнө ыңгайлуу убакта барып тамагын ичип алчу, мени даярдап бер деп айтчу эмес. Бир жолу Табыкем идеясын баракка чийип отурган, апамдар кирип келип учурашса көп көңүл бурган жок. Анан бир топ убакыттан кийин "Оо, кандайсыңар" деп чыга калса болобу. Төркүндөрүм "бул кандай күйөө бала" дешчү. Ал кишиге мен көндүм, андан кийин туугандарым да түшүнүү менен карап калды. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү башкача болот. Ушундай жашоодо улуу-кичүүнү деле унутуп каласың. Ал киши бир күнү эле жаш баладай болуп калат, анан эле карыган атадай, бир туруп өзүң менен тең киши болуп чыга келчү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдошумдун көзү өткөнүнө беш жыл болду. Менде башка эркек менен мамиле курсам деген ой жок. Табыкемдей адам менен жашап өткөндөн кийин талабым өтө күчтүү. Мен ага көп адамды салыштырам.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Жолдошумдун көзү өткөнүнө беш жыл болду. Менде башка эркек менен мамиле курсам деген ой жок. Табыкемдей адам менен жашап өткөндөн кийин талабым өтө күчтүү. Мен ага көп адамды салыштырам.

Ал экөөбүз биринчи кезекте бир пикирди, позицияны карманган адамдардан болчубуз. Биз алгач ирет саясий акциядан таанышканбыз. Мен анда тарых факультетинде окучумун. Ал убактын саясаты күчтүү болгондуктан кыргыздардын тарыхы тууралуу окутчу эмес. Биз ушуга нааразы болуп митингге чыкканбыз. Ал эми Табыкем баштаган топ акцияга башка талаптар менен келишкен. Ал убакта Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) маалымат катчысы болуп жүрүптүр. Акцияда үч күн ачкачылык жарыялап турганбыз. Ошол учурда мага "эмнеге айран ичип албайсың, тамак же, бул акциянын сага эмне кереги бар, деги канчадасың" деп эле жаныма келе берчү. Мага тамак жедирип провокация кылайын деп жатса керек деп аны көргөндө имаратты айланып качып жүрчүмүн. Чапанды тескери кийген, сакалы узун киши эле, анан жүдөгөндөй көрүнгөн. Жек көрүүдөн сүйүү жараларын кийин билдим.

Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
Бир күнү КДК жыйынына барсам ушундай сонун сөздөрдү сүйлөп жатыптыр. Ошондон кийин оюм өзгөрдү. Анан жолукканда "сиз жакшы эле киши турбайсызбы" десем, "ой сен менин жазган макалаларымды окубайт турбайсыңбы" деп күлгөн. Көп окугандыктан эки тилде эркин жазчу. Өзүнүн оюн абдан курч билдирчү. Табылды Эгембердиев десе жаратман, ишкер катары элестетишет. Коомдук ишмер катары да орду чоң. Ошол убакта көп адамдын аң сезимин өзгөртө турган публицистикалык макалаларды жазчу. Азыр мен болгон макаласын бир китеп кылып чыгарайын деп жатам.

— Жогоруда жаш кезде саясий акцияга чыкканыңызды айтып бердиңиз. Адатта жогорку кызматка ишкерлерди тартышат эмеспи, сизге сунуштар болуп жатабы?

— Сунуштар болот. Саясатта бири-бирин колдонуп кеткен учурлар болот. Ошондон уламбы ал жактагыларга ишенбейм. Табыкемдей адам менен жашап өткөндөн кийин талабым өтө күчтүү. Мен ага көп адамды салыштырам. 

© Фото / Жанарбек Аманкулов"Супара" кымбат деген пикирлерге жообум, атабыз "эмнеге чет өлкөдөн келген инвесторлордун жасап койгон эс алуучу жайы кымбат, кыргыздыкы арзан болушу керек" деп айтчу.  Бул комплекске инвестиция көп жумшалган. Башынан эле тейлөө кымбат, бирок ошого жараша сапаттуу болот деп чечилген.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
"Супара" кымбат деген пикирлерге жообум, атабыз "эмнеге чет өлкөдөн келген инвесторлордун жасап койгон эс алуучу жайы кымбат, кыргыздыкы арзан болушу керек" деп айтчу.  Бул комплекске инвестиция көп жумшалган. Башынан эле тейлөө кымбат, бирок ошого жараша сапаттуу болот деп чечилген.

— 2014-жылы Табылды байке ооруп калганда дарыгерлер акыры так диагноздорун айтып баштады да. Ошондо өзүңүз кандай абалда болдуңуз?

— Байкеңер дарыгерлерге "ачык айткыла, мен канча жашайм, пландашым керек" деп ачык сураганда немец дарыгерлер беш жыл дешти. Мурдагыдай эле кайраттуу болуп жүрдү. Адаттагыдай пландарын айтат. Биз негизи идеяларды талашып-тартышып, урушуп деле кетчүбүз. Ооруп жатканда антким келген жок, бирок аяп жатат деп ойлоп калбасын деп атайын тартышып жүрдүм. Жети айда жасалма мамилени ошондо билдим. Андан кийин дарыгерлер дарылоо ыкмалары натыйжасын бербей жатканын айтып, эки жылга чейин эле жашай алышы мүмкүндүгүн айтышты. Табыкем Германиядан ооруну сезбей, жакшы болуп калгандай туюлду. Бишкекке коркуп келбей жатты. Анан бир күнү "кеттик, Жаңыл" деп калды. Борборго келгенден 20 күндөн кийин каза болду. Сезди, бирок бир дагы жолу мага, балдарына "мен өтүп кетсем ушул нерсени кылгыла" деп бир сөз айткан жок. Эми ойлосом биздин көңүлүбүздү ооруткусу келбептир.

— Убакыт дарылайт деген сөз чын бекен?

— Жок. Убакыт өткөн сайын эмоцияңды жыйганга үйрөнөт экенсиң. Жаңы өтүп кеткенде бир жыл сүрөт, видеолорун карай алган жокмун. Аты чыкса эле ыйлап баштачумун. Азыр деле баягы эле сезимдер менен жашап жүрөм, боштук бар. Сагыныч, кусалык, сүйүү жыл өткөн сайын күчөйт экен.   

Жан дүйнөм чөккөндө башка бирөөлөрдүн тагдырын эстейм. Буга менин тарыхчы болушум себеп болсо керек. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима апаны алалы. Ал 1937-жылы эле өлтүрүлгөн күйөөсүн 1957-жылга чейин күтүп жашаган. Кызы Роза Айтматова бул боюнча китеп чыгарган. Анда Нагима апаны Төрөкул атанын өтүп кеткенин кабарлаш үчүн бир жакка алып баратышканы сүрөттөлөт. Ичинен "жолдошуң тирүү, бирок ушунча убакыттан бери башка үй-бүлө куруп алды десе мейли, башкысы бактылуу болсо болду" деп ойлонуп барат. Эркек да, башка аял алып алышы мүмкүн деп ойлогон. Мен ага салыштырмалуу жолдошумдун бу дүйнөдө жок экендигин билем. Бирок билсем дагы кээде ушунчалык кыйналганда "эмнеге жанымда жок" деп кейип кетем. А Нагима апа билчү эмес. Бирок ошондой кырдаалдан дагы чыгып, балдарын бутуна тургузду. Ушундай күчтүү айымдарыбыз көп, аларды эстейм. Өзүмө "Жаңыл, мындан да жаман окуялар болгон, өзүңө кел" деп айтам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУбакыт өткөн сайын эмоцияңды жыйганга үйрөнөт экенсиң. Жаңы өтүп кеткенде бир жыл сүрөт, видеолорун карай алган жокмун. Аты чыкса эле ыйлап баштачумун. Азыр деле баягы эле сезимдер менен жашап жүрөм, боштук бар. Сагыныч, кусалык, сүйүү жыл өткөн сайын күчөйт экен. 
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен... - Sputnik Кыргызстан
Убакыт өткөн сайын эмоцияңды жыйганга үйрөнөт экенсиң. Жаңы өтүп кеткенде бир жыл сүрөт, видеолорун карай алган жокмун. Аты чыкса эле ыйлап баштачумун. Азыр деле баягы эле сезимдер менен жашап жүрөм, боштук бар. Сагыныч, кусалык, сүйүү жыл өткөн сайын күчөйт экен. 

— Ишкер болом дегендерге кеңеш айта кетсеңиз?

— Бизнестин түрү көп. Анын кайсынысы адамзатка көбүрөөк керек экендигин түшүнүү керек. Ошол эле убакта өзгөчө, эч кимдикине окшобогон идеяларды ойлоно билүүсү зарыл. Анан ишкер башынан эле эки нерсени чечип алса жакшы. Күркүрөгөн акча алып келчү бизнес түптөйм же каражаты аз, бирок коомдо орду бар дагы иштерди жасайм деген нерсе бар. Эки жакка тең жетишүү кыйын. Мына байкең бизнестин азабынан өзү каалап жүргөн китебин жаза албай кетти. Стили жакшы болчу, жөнөкөй сөз менен философиясы терең нерселерди түшүндүрчү. Мисалы, "Супарага" шиш така кийип алып кыздар келет, аларды көргөн мен "брусчатка төшөп койбойлубу" десем, "Жаңыл, сен сонун, нукура болуп турган кемпирдин оозун помада менен боебочу" деп койчу. Демек, бул табигый жердин маанисин жоготпойлу дегени эле. Эми ошондой жакшы сөздөр жазылган китеби чыккан жок. Ишкерликти түптөп, майын чыгаргандан кийин артында ишенимдүү кишисине тапшырып берип, адам андан кийин башка иши менен алектениши керек экен деп ойлоп калдым. 

Жаңылыктар түрмөгү
0