Шашылыш билдирүү! Ашууларга кар көчкү түшөт

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 26-январдан 28-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Февралда катуу суук түшөбү? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарына (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 45-115, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарына (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарына кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0