Кыргызстан коронавирустан улам Кытайдан эт алып кирүүгө чектөө киргизди

Жазылуу
Мамлекеттик ветинспекция УКМКга социалдык байланыштардагы жана мессенджердеги жалган билдирүүлөр тууралуу кат жолдогон.

БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Коронавируска байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы Рахат Садырбаева кабарлады.

Пресс-конференция по распространению короновируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Аалиев: коронавируска кабылгандар болсо кабыл алууга даярбыз
Мекеме социалдык тармактарда Кытайдан Бишкекке аткезчилик жол менен 140 тонна ооруган малдын эти кирди деп тарап жаткан маалыматты төгүнгө чыгарды. Анда эттин 70 тоннасы чек арада кармалып турганы, калганы сатууга түшкөнү айтылат.

Билдирүүгө ылайык, Кытайдын Хенань провинциясынан (коронавирус чыккан Ухань шаарынан 511 чакырым алыс) Кыргызстанга 2019-жылдын декабрында 48 тонна өрдөк эти алып келинген. Эт бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана сатыкка коюлган. Ошентсе да коронавирус боюнча жагдай жөнгө салынмайынча Кытайдан эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Мессенджерлерде тараган билдирүү боюнча инспекция УКМКга кат жолдоду.

Вирус тууралуу эмне билүү керек?

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Короодогу эшектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди чуу түшүргөн эшек бизнесинин артында ким турат? Иликтөө
Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Акыркы маалымат боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 830га жетип, 25 киши каза тапты.

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу жана жана абалды көзөмөлдөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0