20:09 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9019
  • EUR91.0557
  • RUB1.0494
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2068)
301 0 0

Жолугушуу элчи Дэвэндин демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында уюштурулган. Тараптар коронавирус тууралуу талкуулашты.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашты. Бул туурасында министрликтен билдиришти.

Жолугушуу элчи Дэвэндин демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында уюштурулган.

Элчи абал көзөмөлгө алынганын белгилеп, Кытайга виза берүү чектелбегенин билдирген.

"Кытай өкмөтү оорунун жайылып кетпеши үчүн болгон чараларды көрүп жатат. Вирус менен күрөшүүдө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта болууда", — деди Дэвэнь.

Министр Космосбек Чолпонбаев элчиге ыраазычылык билдирип, чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөнүн айткан. Санитардык-карантиндик пункттун адистери Кытайдан келгендерди тепловизордун жардамы менен текшерип жатышканын маалымдаган.

Ошондой эле жолугушууда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес экени айтылды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитетинин эксперттери да ушундай бүтүмгө келишкен.

Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ушул тапта вирус Кытайдын 25 провинциясына жана Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетти. 23-январга карата Кытайда ооругандардын саны 600 адамга чукулдап, алардын 17си каза тапты.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2068)

Тема боюнча

Коронавирус Кытайда 17 кишинин өмүрүн алды
Кытайда коронавирус чыккан шаарга кирип-чыгууга тыюу салынды
Дүйнөнү сестенткен коронавирус. Оорунун келип чыгышы жана сактануу жолдору
Жыландан тарадыбы? Кытай илимпоздору коронавирустун эмнеден чыкканын боолголоду
Белгилер:
жолугушуу, коронавирус, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Космосбек Чолпонбаев, Кытай, кыргызстандыктар

ЭҢ МААНИЛҮҮ