43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын!

© Фото / из личного архива Замиры МолдошевойБелгилүү дизайнер, мода боюнча бир катар долбоорлордун автору жана ишкер айым Замира Молдошева
Белгилүү дизайнер, мода боюнча бир катар долбоорлордун автору жана ишкер айым Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замира Молдошева — белгилүү дизайнер, мода боюнча бир катар долбоорлордун автору жана ишкер айым 43 жашында бала көрдү. Мындай бакытты ал 15 жыл зарыгып күткөн. "Биз – ата-энебиз" долбоорунун алкагында ал дарыланган жылдарын жана төрөттөн кийинки мезгилин айтып берди.

Кош бойлуулук жана төрөттөн кеп козгоону көп туура көрө бербейт, андайды сураш да көпчүлүк учурда ыңгайсыз. Ошентсе да аялдар жана балдардын зордук-зомбулукка кабылган окуяларынын фонунда мындай позитивдүү, шыктандырган баяндар аялзатынын табиятын, аярдыгын жана ошол эле учурда эрдигин дагы бир ирет эске салат. Булар баарыбызды суктандырып, аларга болгон сый-урматыбызды арттырат.

— Кеч перзент көрүү эмнеге байланыштуу? Дарылануу сизди бир топ азапка салдыбы?

Эмбриологическое отделение Перинатального центра в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Бойго бүтүрүүнүн ЭКУдан да башка түрү бар. Адис менен маек
— 43 жашымда көз жардым. Он беш жыл дегенде эне болуу бактысы буюрду. Ошончо жыл дарыландым, бир катар операцияларды башымдан өткөрдүм. Тилек кылдым, сыйындым. Дарылоонун бардык ыкмаларын көрдүм, салттуу медицина гана тургай эмчи-домчуларга да кайрылдым. Улам үмүт жанат, жазда күздү, күздө жазды күтүп жүрдүм. Ошентип 15 жыл өтүп кетти. Анан айлам түгөнгөндө ЭКУ (экстракорпоралдык уруктандыруу) жасатууну чечтим. Мага бул ыкманы мурдатан эле сунуштап келишкен, бирок чочулап жана андан да майнап чыкпай калсачы деп санаркачумун. Кудайга шүгүр, мына төрт жылдан бери бактылуу энемин, ар күнү шүгүр келтирем.

— Врачтар балалуу боло албай жүргөндөрдү дарыланууну создуктурбоого кеңеш берет. Эмнеге мурдатан ЭКУ ыкмасын жасатууга барбадыңыз?

— Бул процедурадан чочулар элем. Ушундай ыкма менен боюна бүткөндөр да жаап-жашырууга аракет кылышат, себеби коомдо бул туура эмес кабылданат. Көпчүлүк андай балдарга башка планетадан келгендей карайт. Бирок бул процедуранын дагы бир артыкчылыгы бар — түйүлдүктүн эрте баскычында эле ар кандай оору, маселен, даун синдрому бар же жок экенин аныктоого болот. Дыкат текшерүүлөрдөн кийин гана уруктандыруу операциясы жасалат. Биздин өлкөдө тукумсуздуктун өтө жашарганы да мени таң калтырды. Көрсө, маселе жаш куракта эмес экен. 17синде турмушка чыгып, табигый жол менен боюна бүткөрө албай жүргөн 18 жаштагы кыздарды көп көрдүм.

© SputnikЗамира Молдошева: 43 жашымда көз жардым. Он беш жыл дегенде эне болуу бактысы буюрду.
43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын! - Sputnik Кыргызстан
Замира Молдошева: 43 жашымда көз жардым. Он беш жыл дегенде эне болуу бактысы буюрду.

— Кош бойлуулук кандай өттү? Талгак кыйнаган жокпу?

— Мен үчүн абдан татаал болду. Дээрлик жети ай бою талгак болдум. Апельсинден бөлөк тамак жей албас болдум, анан суу эле иче бердим. Салмагы аз, тамак жеш керек деп врачтар кайра-кайра эскертет. Көз жарганча көңүлүм айнып, кускум келе берчү. Эч бир жытты көтөрө албайм десеңиз. Алтургай, жамгырдан кийинки таштын жыты да көңүл айнытчу. Эт жана тамактын сүрөттөрүн карай алчу эмесмин, алар да көңүлүмдү айлантар эле. Шаар аралап жүргөндө көзүмдү жумуп алчумун. Багым бар экен, дени сак, салмагы 3,5 килограмм болгон балалуу болдум. Көз жаргандан кийин жолдошум дагы төрөгүм келер-келбесин сурап жатпайбы. "Ананчы, даярмын! 10 бала болсо дагы төрөйм!" дедим. Бала эле болсунчу, андай талгакка деле кайылмын. Андай абал го 9 айга созулат, ал эми наристе – бул бүтүндөй бир өмүр эмеспи!

— Экинчи балалуу болууга камынып калгандайсыз?..

— Ооба, азыр 47 жаштамын, экинчи ирет эне болууну да көздөп жүрөм. Кош бойлуу болуп, көз жарганча 48ге чыгам. Аракет кылам. Эгер Кудай экинчи мүмкүнчүлүк берсе, эмнеге болбосун? Эл: "Эми бул төрөп эмне кылат?" – деп мени кеп кылышы ыктымал. Балдарым майда, алар чоңойгончо карып калат дешер. Менимче, андай ой жүгүртүү натуура. Анткени ар кимдин тагдыр жолу башка. Кызым жалгыз перзент болбосун дейм. Эне болуу — чексиз бакыт. Күнү-түнү мээримиң төгүлүп, сүйүүң ашып-ташып турат.

— Көп күттүргөн ымыркайыңызды алгач колуңузга алганыңызда кандай сезимдерге тушуктуңуз?

45-летняя Чынара Исманова родила тройню - Sputnik Кыргызстан
45 жашында үч эм төрөгөн Чынара Исманова: көрүнбөгөн көзү ачыгым калган эмес
— Аны дароо көргөн жокмун, себеби операциядан улам чүрпөбүздү жолдошумдун көкүрөгүнө жаткырышты. Аны мен кечинде гана көрдүм. Мага аябай күлкүлүү көрүндү, менин кызым экенине ишене албадым. Бир жарым жылча ошол нерсе оюмдан кетпей туруп алды. Кайра-кайра карайм, чындап эле ушундайбы, баары жайындабы деп улам текшерем. Ушул тирүү жан менин ичимде беле деп ишене албай жүрдүм.

— Төрөттөн кийинки депрессия болоруна ишенесизби же бул көңүл бурдурууну каалаган аялдын назыбы?

— Өз башымдан өткөрдүм муну, көрсө, төрөттөн кийинки депрессия өтө жаман нерсе тура. Балдарын таштап же өлтүрүп койгон аялдарды эми түшүнүп калдым. Аларды коргогонум жок, бирок депрессия абалында өз эмоцияларыңды жана жүрүм-турумуңду көзөмөлдөө абдан татаал экен. Баары жайында, анан туруп-туруп эле жашагың келбей калат. Бир туруп бакытка балкып күлөсүң, анан эч себепсиз ыйлап киресиң. Өзүңө өзүң ээ боло албайсың. Баланы бирөө уурдап же ал жоголуп кетчүдөй корко берчүмүн. Төрөттөн соңку депрессия экенин жарым жылдан кийин гана – капысынан эле жаңы коллекция жараткым келгенинде аңдадым.

Ошондо гана депрессиядан чыгып, өзүмө келе баштаганымды сездим. Артыма кылчая карап, үрөйүм учту. 15 жыл бою ымыркай күткөн мен ошондойду баштан кечирсем, анда эрте турмушка чыгып, көз жарып, эмне болуп жатканын аңдай билбеген жаш кыздарга кандай оор экенин элестетиш кыйын. Андай маалда жакындарыңдын колдоосу зарыл. Башта жолдошум да менин абалымды түшүнгөн жок. Кубангандын ордуна эмнеге ыйлап жатканымды аңдай албады. Депрессияны ар ким ар башкача көтөрөрүн түшүндүм. Кай бирөө тез эле өзүнө келет, башкасында узакка созулат, аябай байкалат же билинбей өтүп кетет. Өз жон терим менен сезген соң кош бойлуу аялдарды жана энелерди туура түшүнүп калдым. Эне болгон соң апам да мени, дегеле энелер өз балдарын канчалык жакшы көрөрүн түшүндүм.

© SputnikАзыр 47 жаштамын, экинчи ирет эне болууну да көздөп жүрөм. Кош бойлуу болуп, көз жарганча 48ге чыгам. Аракет кылам. Эгер Кудай экинчи мүмкүнчүлүк берсе, эмнеге болбосун?
43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын! - Sputnik Кыргызстан
Азыр 47 жаштамын, экинчи ирет эне болууну да көздөп жүрөм. Кош бойлуу болуп, көз жарганча 48ге чыгам. Аракет кылам. Эгер Кудай экинчи мүмкүнчүлүк берсе, эмнеге болбосун?

— Эне болуу сизге кандай таасир этти, мүнөзүңүз өзгөрдүбү?

— Ооба, катуу өзгөрдүм, кыйла боорукер болуп, жумшара түштүм. Зордук-зомбулук чагылдырылган тасмаларды көрө албай калдым. Мурда андайдан түк коркчу эмесмин. Азыр балдарды урушуп жаткандарын жөн карап тура албайм, сөзсүз болуша кетем. Балдарга байланыштуу нерселердин баары мага катуу таасир этчү болду. Менимче, аялдардын баары төрөгөндөн кийин өзгөрөт.

— Ишиңизди жолго коюп койгонсуз, татаал иш тартиби менен бала багууну кантип айкалыштырасыз?

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балага зар болдум... Эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору
— Үч жашка толгонунда гана бала бакчага бердик. Ага дейре жолдошум менен кезектешип карадык. Ал жумушта болгон кезде мен бактым, ал келгенде мен жумушка кетчүмүн. Эмнеге бала багуучу албадыңар деп баары таң калышат. Зарыгып тапкан балабызды кимге ишенип калтырабыз? Жолдошумдан башка эч кимге ишене албадым.

— Жаш кезде балалуу болуу менен акыл токтолуп, турмуштун ачуу-таттуусун татып калган убакта перзент көрүүнүн айырмасы эмнеде?

— Менимче, жоопкерчиликте. Мисалы, мен балага кам көрүүгө жакшылап камындым. Тамак ичүү, уйку жана жуунтуу тартибин так сактадым. Азык-түлүктү катуу көзөмөлгө алдым, таттуу, цитрус жана аллергендик азыктардан оолак болдук. Шоколаддын даамын бир жашында гана татты, аны да өзүм даярдагам. Суюктукту да тамактан бир саат өткөрүп гана ичирем. Эч кандай чай бербейм, компот же суу гана берем. Азыркыга чейин кола же чипс эмне экенин билбейт. Кызым төрөлгөндөн тарта айрым энелер көп нерсени туура эмес кыларын түшүнө баштадым. Мисалы, йогуртту үйдөн алда канча даамдуу жана коопсуз кылып даярдоого болоруна карабастан сатып алышат.

Кызыма быштак болобу же балмуздакпы, баарын өзүм даярдайм. Күндүн белгилүү бир маалында сейилге чыгабыз, көнүгүү жана укалоо күндө жасалат. Классикалык музыканы тыңдачубуз. Кош бойлуу кезде да жомок окуп берчүмүн, ал адат алигүнчө уланып келет. Баланы багыттаганыңа жараша болору чын белем, азыр китептерди аябай жакшы көрөт.

Баса, жаш энелерге упчу менен абдан этият болууга кеңеш берер элем. Бала тарбиялоодо ушул менин тек катачылыгым болду. Эки жашка чейин упчу эмди. Бул адатын калтыралы деп аракет кылганыбызда аябай стресс болду. Он күн кызым дагы, өзүм да уктаган жокпуз. Эгер экинчи балалуу болуп калсак, упчу эмизбөөгө аракет кылам.

© Sputnik40 жашта төрөткө кеч деп ойлоодон оолак болуу зарыл. Өзүн сыйлабаган жана сүйбөгөн аял гана мындай куракта "мен карыдым да" деп айтат.
43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын! - Sputnik Кыргызстан
40 жашта төрөткө кеч деп ойлоодон оолак болуу зарыл. Өзүн сыйлабаган жана сүйбөгөн аял гана мындай куракта "мен карыдым да" деп айтат.

— Көз жаргандан кийин саламаттыгыңыз кантти? Калыптанууңуз канча убакыт алды?

— Тогуз ай бою түзүк тамактанбадым, андыктан салмак кошкон жокмун. Бирок төрөттөн кийин табитим ушундай ачылды, ошондо толо түштүм. Бирок жарым жылдан кийин 15 килограммга арыктап, кайра калыбыма келдим.

— Балалуу болууну самап же чочулап жүргөн 40 жана андан жогорку курактагы айымдарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Биринчиден, 40 жашта төрөткө кеч деп ойлоодон оолак болуу зарыл. Өзүн сыйлабаган жана сүйбөгөн аял гана мындай куракта "мен карыдым да" деп айта алар. 50 жаштагы аял да кантип карыган деп эсептелсин? Төрөөгө эч качан кеч эмес! 52 жашында үч эм төрөгөн бир айымды билем. 53 жашында да табигый жол менен боюна бүткөн аялдардын толтура баяндары бар. Ошондуктан эч качан "Мен карыдым, төрөөгө кеч" деп айтууга болбойт.

Сүйүктүү айымдар, чочулабагыла. Биз ушул үчүн жаралыппыз. Мисалы, бир аял 26 ирет ЭКУ жасатыптыр. Акыры тилеги орундалыптыр! Дал ошол окуя мага үлгү жана өбөлгө болгон. Эң башкысы — үмүт үзбөш керек!

Жаңылыктар түрмөгү
0