Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектеши мүмкүн. Себеби эмнеде?

© AFP / SAUL LOEB АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп айрым өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган биринчи жарлыгына 2017-жылдын январь айында кол койгон. Ал мындай чечимди президенттик кызматына киришери менен кабыл алган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатат.

Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, тизмеге Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея өңдүү өлкөлөр да киргизилери айтылууда.

Бул тизме азырынча так эмес жана өзгөрүшү мүмкүн. Расмий билдирүү 27-январда айтылары күтүлүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул кандай болгон жарлык экенин билип көрүүнү чечти.

Вена шаары, Австрия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эскертебиз! Австрияга виза Бишкектен да бериле баштады
Дональд Трамп айрым өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган биринчи жарлыгына 2017-жылдын январь айында кол койгон. Ал мындай чечимди президенттик кызматына киришери менен кабыл алган.

13769 номериндеги иммиграциялык жарлык Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемень, Венесуэла жана Түндүк Кореянын жарандарына виза берүүдөн баш тартуу жөнүндө болгон. Бирок бул чечим саясатчылар менен коомчулук тарабынан сынга кабылып, кээ бир өлкөлөрдө каршылык акциясы уюштурулган.

Кийинчерээк көптөгөн штаттардын бийлиги сот аркылуу бул чечимдин ишке киришин токтотууга жетишип, документке өзгөртүүлөр киргизилген. Натыйжада АКШга аталган өлкөлөрдүн кээ бир жарандарынын киришине тыюу салынган.

Демилгечи менен расмий өкүлдөр эмне дейт?

Анткен менен шейшемби күнү Трамп Wall Street Journal гезитине интервью берип, тизмедеги мамлекеттердин саны кеңейиши мүмкүн экенин айтты. Ал мындай кадамдар мамлекетти терроризмден сактоо үчүн жасалып жатканын билдирди.

Ак үйдүн расмий өкүлү Хоган Гидли толук маалымат берүүдөн баш тартып, бирок мындай чараны колдой турганын кыйытты.

"Биз башка өлкөлөрдөн терроризмди, дегеле түрдүү коркунучтарды импорттогубуз келбейт", — деди ал.

Ал эми АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен Мамлекеттик департаменти комментарий берүүдөн баш тарткан.

АКШнын Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгү канчалык жогору?

Декабрдын аягында АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылы баш тартылган визалар боюнча статистиканы жарыялады. Ага ылайык, кыргызстандыктардын 67,75 пайызына виза берилген эмес. Бул көрсөткүчтү Афганистан менен салыштырууга болот — 68,42 пайыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0