00:44 17 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7314
  • RUB1.1008
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10410

Мамлекет жетекчиси мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кубаттады.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта оор турмуштук жагдайларга кабылган балдардын автоматташтырылган маалымат базасы ишке кирет. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда билдирди.

Маалыматта аталган министрлик даярдаган база өлкөнүн беш районунда сыналып жатканы айтылат. Системага тиешелүү мамлекеттик органдар кошулуп, мындай абал пайда болгон суроолорго ыкчам реакция кылууга, чечим кабыл алууга жол ачат.

Мындан тышкары, жолугушууда Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри калкты жана эмгек тармагын социалдык коргоо системасын санариптештирүү, балдарды, анын ичинде коомдун социалдык-аярлуу катмарларын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

"Кочкоров калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бардык системаны санариптештирүү боюнча жумуш улантылып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө министрликте "Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы" (СЖКМС) жана "Эмгек рыногунун маалыматтык системасы" (ЭРМС) толук кандуу иштеп жатат. Процесстерди автоматташтыруу жөлөк пулдарды чектөөдө механикалык каталардын кетишин жокко чыгарып, коррупциялык коркунучтарды азайтып, эки жолу төлөм жүргүзүү мүмкүндүгүн жоюуга жол бермекчи", — деп айтылат маалыматта.

Президент Жээнбеков мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кубаттап, жарандардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын төмөндөтүү үчүн калкка электрондук форматта социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана зарыл справкалардын санын мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Тема боюнча

Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү. Сүрөт
Бишкекте үй-бүлөсүн багуу үчүн кайыр сураган бала үйүнө кайтарылды
Белгилер:
таза коом, маалымат, Сооронбай Жээнбеков, Улукбек Кочкоров

ЭҢ МААНИЛҮҮ