Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОкуучулар экзамен башталышына чейин. Архив
Окуучулар экзамен башталышына чейин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары Жусупбекова учурда жер-жерлерде пилоттук долбоорлорду даярдоо дээрлик аяктап калганын айтты.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда пилоттук долбоор колдонулган мектепте 10-11-класстын окуучуларын өзү тандаган гана сабактар менен окутуу башталды. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин жыйынында билдирди.

Пригородная средняя общеобразовательная школа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы мектептерде Россиядан келген 17 мугалим сабак бере баштады
Депутат Абдывахап Нурбаев кереги жок сабактардан улам 9-класстан кийин балдардын окууга кызыгуусу жоголорун айтып, окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгү качан берилерин сурады. Жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окутулган 14 предметти эмес, анын ичинен даярданып жүргөн кесибине байланыштуу жети сабак боюнча билим алуу керек деген оюн билдирди.

Буга жооп берген Жусупбекова учурда бул боюнча жер-жерлерде пилоттук долбоорлорду даярдоо дээрлик аяктап калганын айтты.

"Тармактык окутуу боюнча ар бир облус менен сүйлөшүп жатабыз. Министрликтин командасы учурда канча мектеп быйыл, канчасы кийинки жылы өтүүгө даяр экенин аныктап жатат. Январдын аягында быйыл канчасы тармактык окутууга өтөрүн айта алабыз. Пилоттук долбоор биринчи Бишкек шаарынан башталган. Мисалы, №12 мектептин 10-11-классын бүткөндөр медицина тармагына кандайдыр бир деңгээлде даяр болуп чыгат", — деди Жусупбекова.

Ал, мындан сырткары, 5-класстан жогоркуларга англис тили сабагы жумасына эки саат өтүлсө, азыр беш саатка көбөйтүлгөнүн билдирди. Ошону менен катар методикасы өзгөртүлүп, грамматикага көп ыктабай пикир алышууга үйрөтүүгө басым жасалганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0