Кыргыз-казак чегинде турган фуралар: айдоочулар үчүн чатыр тигилип, чай берилүүдө

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара бекети казак тараптын бир тараптуу чечими менен жабылган. Тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушкан.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызстана Жениш Разаков и Замирбек Аскаров ознакомились с ситуацией на кыргызско-казахском участке границы
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду - Sputnik Кыргызстан
1/6
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызстана Жениш Разаков и Замирбек Аскаров ознакомились с ситуацией на кыргызско-казахском участке границы
Бүгүн вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушкан - Sputnik Кыргызстан
2/6
Бүгүн вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушкан
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевФуры стоят в очереди на пункте пропуска "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Эскерте кетсек, аталган бекетте жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат деген маалымат 14-январь күнү тараган - Sputnik Кыргызстан
3/6
Эскерте кетсек, аталган бекетте жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат деген маалымат 14-январь күнү тараган
© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевФуры стоят в очереди на пункте пропуска "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Мамлекеттик чек ара кызматынын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат - Sputnik Кыргызстан
4/6
Мамлекеттик чек ара кызматынын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызстана Жениш Разаков и Замирбек Аскаров ознакомились с ситуацией на кыргызско-казахском участке границы
Разаковдун айтымында, тармактык мамлекеттик органдар кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда - Sputnik Кыргызстан
5/6
Разаковдун айтымында, тармактык мамлекеттик органдар кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызстана Жениш Разаков и Замирбек Аскаров ознакомились с ситуацией на кыргызско-казахском участке границы
Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.
1/6
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду
2/6
Бүгүн вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушкан
3/6
Эскерте кетсек, аталган бекетте жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат деген маалымат 14-январь күнү тараган
4/6
Мамлекеттик чек ара кызматынын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат
5/6
Разаковдун айтымында, тармактык мамлекеттик органдар кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда
6/6
Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, аталган бекетте жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат деген маалымат 14-январь күнү тараган. Мамлекеттик чек ара кызматынын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Разаковдун айтымында, тармактык мамлекеттик органдар кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

"Ушул жылдын башында "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда", — деди вице-премьер.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курчоого алынган май куюучу жай. Чек ара кызматы түшүндүрмө берди
Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, вице-премьер-министрлер "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товарларды жана жүктөрдү каттоонун сервистик пунктунун курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 10 күндүн аралыгында курулуш иштери аяктайт.

Тармактык органдарга кыска мөөнөттүн ичинде сервисттик пункттун материалдык-техникалык базасын жабдуу, видеокөзөмөл камераларын орнотуу, сервисттик пункттун ишинин тартибин, регламентин бекитүү жана бул тууралуу жүк ташуучуларга маалымдоо тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0