Билим берүү министрлиги Кытайдын гранттык окуусуна талапкерлерди тандады

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин документтери кытай тарапка өткөрүп берилет.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кытай университеттериндеги 13 гранттык орун үчүн талапкерлер аныкталды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Московский государственный гуманитарно-экономический университет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө акысыз билим ала алат? Жол-жобосу
Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында гранттык окууга тапшырууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн киришүү сынагы болгон. Магистратура жана докторантурага талапкерлер аңгемелешүүдөн, бакалавр менен тил такшалмасына катышуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.

Бакалавриат программасы боюнча эң жогорку балл алган беш талапкер сунушталып, алтынчысы резервде турат. Магистратура боюнча төрт кандидат сунушталып, бешинчиси резервде турат. Докторантурага бирөө сунушталып, экинчиси резервде. Тил такшалмасы программасына үчөө сунушталган, төртүнчүсү резервде турат.

Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн негизги жана кошумча тизмедеги талапкерлердин документтери кытай тарапка өткөрүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0