Матраимовдор ЖМКларга койгон доосун сотсуз чечүүгө ыктап жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук сот эки тарап тең маселени тынчтык жолу менен чечүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКларга койгон доосун соттук териштирүүлөрсүз чечүүгө ыктап жатат. Бул туурасында Свердлов райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү Azattyk радиосу, Kloop басылмасы, 24.kg маалымат агенттиги жана журналист Али Токтакуновдун ар-намыска шек келтиргенин айтып, моралдык чыгым катары 60 миллион сом өндүрүүнү талап кылган.

Аталган иш бүгүн, 20-январда, Свердлов райондук сотунда каралган.

"Доо койгон тарап соттук отурумда Матраимовдор маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууга ыктап жатканын айтып, жараянды токтотуу сунушу менен кайрылды. Жоопкер тараптын өкүлдөрү аталган сунушту четке какпай турганын айтып, отурумду токтотууну сурашты. Ошондой эле талашты тынчтык жолу менен чечүүнү карап жатканын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Сот отурумуна Жылдыз Ибраимова жетекчилик кылууда, доогерлердин сунушун канааттандырып, кийинки жараян 29-январга белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0