15:03 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1519 0 0

Жал кичи районунда үч кишини аёосуз сабаган кылмыш иши боюнча шектүүлөрдү камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы узартылган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жал кичи районунда үч кишини аёосуз сабаган окуя боюнча тергөөчүлөр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып, үч адам чала жан болуп катуу сабалганы кабарланган. Жерине милициянын Кайгуул-күзөт кызматы барып, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Алар бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков экендиги белгилүү болгон. Ал эми милициядагы бир тууганы Казыбек Бапышев иштен алынып, кийинчерээк колго түшүрүлүп, камакка алынган. Бирок кийин ал тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. 

Ал эми шаардык соттун өкүлү Айсулуу Жаасынова кезектеги соттук отурум 31-январга белгиленгенин айтып, иш Свердлов райондук соту тарабынан каралып жатканын кошумчалады.

"Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 29-декабрындагы токтомуна ылайык, Жаныбек Бапышев жана Калысбек Сеитбековдун ЖАМКтын 21-мекемесине камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 31-январь саат 18.00гө чейин узартылган", — деди Жаасынова.

Ал эми жабырлануучулар туруктуу абалда стационардык дарылануудан жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга чыгарылганын Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бир туугандар Бапышев менен Сейитбеков №1 тергөө абагына отургузулгандан кийин камералаштары менен мушташа кеткени тууралуу маалымат тараган.

Тема боюнча

Бир кишини ур-тепкиге алган делип эки милиционер шектелүүдө
Белгилер:
экспертиза, шектүү, абак, тергөө, милиция, оорукана, ур-токмокко алуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ