Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаместитель МВД КР Курсан Асанов
Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асановдун жубайы мурда-кийин ээлик кылган компаниялар текшерилип, эки-үч жолу Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Үсөнканова да суракка чакырылып жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Асановдун жубайынын мурда-кийин ээлик кылган компаниялары текшерилип, эки-үч жолу Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан. Үсөнканованын суралып жатканын жергиликтүү ЖМКлар да жазышкан.

"Курсан Асановдун туугандарын, жердештерин текшерип жатышат. Муну менен Асановго карата ачылган соттук өндүрүшкө тиешеси жок иштер да мыйзамсыз түрдө жасалып жатканын айткым келет. Ал эми жубайынын компаниялары бүт тарабынан текшерилүүдө. Анын ичинде мурда эле жабылып калган, директор болуп кеткен, ал мүчөлүк кылган ишканалар да бар. Гүлнара Үсөнканова күбө катары сурак берип жатат", — деди Айткулов.

Ошондой эле ал Асановго коюлган айыптар боюнча тергөө соңуна чыга электигин кошумчалады. Адвокат башынан эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен беттештирүүнү сурашканын, бирок өтүнүч аткарылбай жатканын белгиледи.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пакетте маанилүү документ болгон! Прокуратура Атамбаевдин адвокаттарын күнөөлөөдө
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Асановго козголгон иштин алкагында жубайы күбө катары суракка чакырылып жатканын ырастады.

Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган. Учурда Асанов үй камагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0