Вице-мэр: Бишкектин бюджетин көбөйтчү эки багытка басым жасалат

© Sputnik / Эркин СадыковПервый вице-мэр Бишкека по экономической и финансовой политике Алмаз Бакетаев
Первый вице-мэр Бишкека по экономической и финансовой политике Алмаз Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакетаев бюджеттин кирешесин көбөйтүүчү жана аны түп-тамырынан бери өзгөртүп, жаңы деңгээлге өткөрүүчү иш-чаралар тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Шаардык бийлик Бишкектин бюджетин кандай жол менен көтөрүүнү пландап жатканын экономикалык жана каржылык саясат боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаев айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн "Бишкектин бюджети алгач ирет 10 миллиард сомдон ашты" аталышындагы маалымат жыйынга катышкан.

Бакетаевдин айтымында, шаардын алдыга койгон максаты анын өнүгүү программасы, президенттин Жарлыгы жана өкмөттүн планы менен бекитилген.

"Азыр шаардын бюджети социалдык тармакка багытталган, ошол себептүү ал социалдык объектилерди камсыздоого сарпталууда. 2020-2021-жылдарга карата борбор аталган багыттан инвестициялык багытка (өнүгүү бюджети) өтүшү керек. Бул максатка жетүү үчүн алдыда эки жол турат. Биринчиси — шаардын киреше булагын кеңейтүү, б.а. салыктан качкандарды ачыктоо. Экинчиси — салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү", — деди ал.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов во время планерки с руководителями структурных подразделений и городских служб - Sputnik Кыргызстан
Калаа башчысы Суракматов вице-мэрлердин ишине нааразы болду
Бакетаев кошумчалагандай, учурда шаардык бийлик салыктык эмес кирешелерди көбөйтүүнүн бир нече булактарын карап жатат.

"Мындай булактардын бири таштанды үчүн төлөм болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бюджетти акы төлөнүүчү унаа токтотуу жайларынан чогулган акча менен да толуктоого болот. Кирешелүү булак катары чоң мүмкүнчүлүккө ээ болгон жарнама тармагын да көз жаздымда калтырууга болбойт", — деди биринчи вице-мэр.

Ал белгилегендей, шаардык бийлик кыймылсыз мүлктү башкарууга жаңыча мамиле жасаса бюджетти көбөйтө алат.

"Азыр биз ижара акысын гана чогултуу менен чектелип жатабыз, бирок мүлктүн өтүмдүүлүгү боюнча башкаруунун башка каражаттары, аны сатуу механизмдери белгисиз бойдон калууда. Мындан тышкары, мурда Бишкекте муниципалдык баалуу кагаздар системасы өнүккөн эмес. Бул дагы артыкчылыкка ээ", — деди Бакетаев.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Көмүрдөн баш тартуу керек. Суракматов шаарды каптаган ыш тууралуу үн катты
Мэриянын айтымында, Бишкектин бюджети өздөштүрүлбөгөн чыгымдарды республикалык деңгээлге акырындык менен өткөрүүгө муктаж.

"Быйыл бюджетти өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөй баштайбыз. 2021-жылы бюджетти 12 миллиардга жеткирүүгө аракет кылабыз. 2022-жылдан баштап ал өнүктүрүү бюджети болуп калышы керек", — деп жыйынтыктады Бакетаев.

Вице-мэр кошумчалагандай, азыр шаардык бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан түшкөн каражат түзөт.

"Салыктан түшкөн каражат бюджеттин кирешесинин 80 пайызын түзөт. 10 пайыздан көбүрөөгү салыктык эмес кирешелер, 10 пайыздан азыраагы трансфертке тийиштүү", — деди ал.

Бакетаевдин сөзүнө караганда, экономиканын 27ден 43 пайызына чейин көмүскөдө, мындан улам бюджет сатуудан алынуучу салыктан кур жалак калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0