Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение кыргызстанцам государственных наград Сооронбаем Жээнбековым
Вручение кыргызстанцам государственных наград Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган реформалар улантылат. Быйыл балдарды коргоого өзгөчө маани берилет.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Быйылкы жылы кайсы багыттагы иштер артыкчылыктуу болорун президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл кыргыз өкмөтүнүн алдында алгылыктуу иштерди аткаруу милдети турат.

"Өлкөнү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган реформалар улантылат. Аймакты өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, соттук-укуктук реформаларды реализациялоо, коррупция менен күрөшүү маселелери артыкчылыктуу бойдон калат. Андан тышкары, бул жылы балдарды коргоого өзгөчө маани берилет", — деп айтты президент.

Эске салсак, мамлекет башчысы 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0