Соттолгондордон акча алып жүргөн. Пробация органынын өкүлү колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер формачан кызматкер. Архив
Аскер формачан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү соттолгон адамдарга оң натыйжалуу пробациялык билдирүүлөрдү даярдоо үчүн туруктуу негизде акчалай сый акы алып жүргөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Юстиция министрлигине караштуу Талас шаардык жана Талас району боюнча пробация органынын Н.К.К. аттуу башкы адиси пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, колго түшкөн кызматкер анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон адамдарга оң натыйжалуу пробациялык билдирүүлөрдү даярдоо үчүн туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган.

"Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 18-январь күнү шектүү жаран М.З.М. аттуу кишиге пробациялык билдирүү даярдоо үчүн талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0