Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

Жазылуу
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 19-январда көз жумган. Ал 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 86 жаш курагында дүйнө салган айтылуу манасчы, жазуучу жана акын Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, манасчы 19-январда көз жумган.

Президенттик аппараттын некрологунда Касмамбетов манасчылык улуу өнөр шыбагасын айтылуу Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Рысмендеевдерден алса, кийинки муун манасчылары Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиевдер менен канатташ болуп, манасчылык өнөргө ат көтөргүс эмгек сиңиргени белгиленет.

"Сапарбек Касмамбетовдун устаты айтылуу Шапак манасчы өнөрүн таптап, элге атын чыгарды, калың журтту аралатып, жаш манасчыны элге таанытты. Ал манасчылык өнөрдү жети жашынан аркалап, атактуу манасчылардын изи менен жүрүп, алардын өнөр шыбагасын боюна сиңирип, устат өнөрүн узанып келди", — деп айтылат эскерүүдө.

Внучка Сагынбая Орозбакова Келсинбубу Кадыркулова - Sputnik Кыргызстан
Сагынбай Орозбаковдун эки кызы туттугуп өлгөн. Манасчынын небереси менен маек
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-январда саат 11.00дө өтөрү белгиленет.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштык кези айылда өтүп, кийин Балыкчы шаарында эмгек жолу башталып, билим берүү тармагында эмгектенди. Маданий агартуу тармагында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, элибиздин руханий дүйнөсүнө өзгөчө салым кошту. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр-күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0