Акы төлөп жүрүүчү Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу пландалууда

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРеконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Реконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоор жеке инвестор табылганда ишке ашмакчы. Кеп мамлекеттик-жеке долбоор тууралуу болуп жатат. Баасы болжол менен 300-500 миллион доллар.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Акы төлөп жүрүүчү Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев кабарлады.

Анын айтымында, бул долбоор инвестор табылганда ишке ашат. Кеп мамлекеттик-жеке долбоор тууралуу болуп жатат.

"Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы темир жолду бойлой жайгашкандыктан, "Кыргыз темир жолунун" объектилерин сатып алуу керек. Ошондуктан баасы болжол менен 300-500 миллион долларды түзүүдө", — деди Бердалиев.

Ал кошумчалагандай, бул акы төлөнүүчү жол болот.

Бир жарым жыл мурда транспорт жана жолдор министринин мурдагы башчысы Жамшитбек Калилов акы төлөп жүрүүчү Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар унаа жолуна инвесторлор изделип жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0