Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме

Жазылуу
"Көздөгөн максатка жетүү үчүн талбаган аракет керек" деп ийгиликке жеткен адамдар көп айтат. Биздин бүгүнкү материалда сөз кыла турган мекендештер дагы талбаган аракети менен дүйнөнү багынткандар.

Алардын айрымдары ааламдагы ири компанияларда иштесе, кээ бири укук коргоп, чет элдик студенттерге сабак берет.

Бул материалга Sputnik агенттигинин кабарчыларына маек берген мекендештердин айрымдары гана камтылды. Биз биле элек, жарыялай элек, маек ала элегибиз канча. Ар бир каарман үлгү аларлык.

Google компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек

© Sputnik / Табылды КадырбековGoogle компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек Мамутов
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Google компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек Мамутов

Жакында эле Forbes журналынын россиялык версиясы Google компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек Мамутовдон интервью алды. Бул албетте кыргыз эли үчүн — сыймык. Бишкекте архитектор жана инженер-куруучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн бала 16 жашында Борбор Азиядагы Америка университетине программист адистигине тапшырган. 2006-жылы Тилектин англис тилинде жазылган резюмесин Manpower (Google компаниясынын Ирландиядагы кеңсесине кызматкер издеген ортомчу) HR-агенттигинин рекрутери байкап калат. Мамутов биринчи тандоо турунан өтпөй калган. А бирок экинчи жолкусунда ага ийгилик жылмайып, Google компаниясынын Дублиндеги кеңсесине ишке алынган. Ал компаниянын ичинде жүрүп түрдүү долбоорлорду, кызмат орундарын алмаштырган. Акырында Мамутов Google компаниясынын "сырдуу лабораториясына" которулган.

Аталган компанияда 11 жыл эмгектенгенден кийин Тилек иниси менен Outtalent аттуу стартапты негиздеп, ишке киргизген. Алардын бул компаниясы орус тилдүү программисттерди Google, Facebook, Amazon, Microsoft, Bloomberg жана Stripe сыяктуу ишканаларга орноштурууга көмөктөшөт.

Facebook компаниясында иштеген кыргыз кыздары

© Фото / из личного архива Зияды УсенМаалыматтык аналитик Зияда Усен
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Маалыматтык аналитик Зияда Усен

Зияда Усен АКШда Марк Цукербергдин компаниясында маалыматтык аналитик болуп эмгектенет. Анын АКШга барып калган таржымалы да кызык экен. Кыргыз кызы Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдап жүргөндө, аны белгилүү бир продюсер байкап калып, өнөрүн баалап, кызматташууну сунуштаганын элестетип кыялданчу экен. Бирок ал кыялдар азырынча ишке аша элек. Анткен менен ал АКШга жөн барбай, кумурскадай эмгекчилдиги менен ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп, акыры Facebook компаниясына орношкон. Зияда Усен IT тармагында гана иштебестен, сүрөттү да жакшы тартат.

Facebook тармагынын Сан-Францискодогу кеңсесинде иштеген дагы бир кыргыз кызы Зарема Асанбекова.

© Фото / предоставлено Заремой АсанбековойПрограмманын сапатын текшерүүчү аналитик Зарема Асанбекова
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Программанын сапатын текшерүүчү аналитик Зарема Асанбекова

Ал аталган компанияда программанын сапатын текшерүүчү аналитик. Андан сырткары, Зарема Калифорниядагы кыргыздардын башын бириктирген уюмду түптөгөндөрдүн бири. Facebook компаниясына чейин ал Sony Playstation ишканасында эмгектенгенин айтат. Бирок жумуш графигинен кыйналып кеткендиктен башка жумуш караштырганга аргасыз болгон. Асанбекованын Кыргызстанда алган кесиби — журналистика. Бирок жолдошу экөө АКШга барганда бул тармакта кайра окуу кыйынга турган. Мындан улам IT адистигин үйрөнгөн. Кыргыз кызы Facebook компаниясынан тышкары өзү жашаган Калифорния шаарында мекендештердин балдарына кыргыз тилинен сабак берет.

Twitter компаниясында эмгектенген Наргиза

© Фото / Салтанат АлиеваНаргиза Абдубалиева Twitter компаниясында иштейт
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясында иштейт
Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясынын Сан-Францискодогу башкы кеңсесинен стажировкадан өткөн. Ошондон тарта Кыргызстанга келип Twitter кызматчыларынын бирикмеси долбоорун (Twitter Developer Community) жетектей баштаган. Өзү Борбор Азиядагы Америка университетин кызыл диплом менен аяктаганын айтат. Бирок кызыл диплом аны дароо жумуш менен камсыз кылган эмес. "Мындан улам өзүн ар тармактан сынап көрүүгө туура келген" дейт бишкектик кыз. Бизнести башкаруу департаменти бөлүмүндө окугандыктан, маркетинг жагынан сынап, журналист, котормочу болуп да иштеп көргөн. Акыры күтүүсүз жерден Twitter компаниясында иштеп калганын айтат.

Walt Disney, Microsoft, Company Perfumes Y Diseno компанияларында иштеген Айдана Шаменова

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойАйдана Шаменова чет жерде ийгилик жараткан кыргызстандыктардын бири
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Айдана Шаменова чет жерде ийгилик жараткан кыргызстандыктардын бири

Айдана Шаменова да чет жерде ийгилик жараткан кыргызстандыктардын бири. Ал билимди Бишкектеги Кыргыз-Россия славян университетинин (КРСУ) саясат таануу бөлүмүндө алган. Ошол жылдары эле АКШнын Бостон шаарында тил курстарында дагы окуган. Окуусун аяктагандан кийин Тышкы иштер министрлигине практикага барып, ал жакта иштеп калат. 4-5 жыл эмгектенгенден кийин Мадриддеги дипломатиялык мектепте окууга грант утуп алат. Ошентип аны тагдыр Европага алып барып койгон. Ал жактан сүйүктүүсүнө жолугуп, баш кошуп, эки кыздуу болгон. Кыргыз кызы Испаниядагы Disney компаниясынын эл аралык бөлүмүнө кардарлар менен иштөө боюнча жумушка кирип, Австралия, Европа, Кытай өлкөлөрүндөгү орус тилдүү кардарлар менен иштешкен. 10 жылга чукул Company Perfumes y Diseno деген фирманын эл аралык бөлүмүндө КМШ, Европанын бир бөлүгү жана Чыгыш өлкөлөрү боюнча менеджер болуп эмгектенген. Андан соң Европада белгилүү дизейнер менен иштешип, Париж, Нью-Йорк шаарларында өткөн мода көргөзмөлөрүнө катышкан. Атайын долбоордун алкагында бир аз убакыт Microsoft компаниясында иштеп калган.

Чикагодогу Cybertek компаниясын жетектеген кыргыз баласы

© Sputnik / Асель СыдыковаЭсен Ниязов АКШнын Чикаго шаарындагы Cybertek компаниясын жетектейт
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эсен Ниязов АКШнын Чикаго шаарындагы Cybertek компаниясын жетектейт

28 жаштагы Эсен Ниязов АКШнын Чикаго шаарындагы Cybertek компаниясын жетектейт. Баткенде кезинде кой кайтарган өспүрүм сегиз жылдан бери Америкада билим алып, ал жакта IT тармагында иштеп келет. Кыргыз уулу АКШга "Саякаттап иште" деген долбоордун арты менен барып калган. Висконсин университетинен компьютердик инженерия адистигин бүтүрүп, бул тармакта азыр АКШда өзүн көрсөтүп жаткан кези.

Польшада эл аралык компанияда иштеген Чолпон

© Фото / Радиана КайрнасоваФинансы боюнча аналитик Чолпон Мукамбетова
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Финансы боюнча аналитик Чолпон Мукамбетова

Дагы бир кыргыздын сыймыктуу кызы Чолпон Мукамбетова. Ал Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп иштейт. Мекендешибиз эне тилинен сырткары беш тилди өздөштүрүп, Голландия өлкөсүндө практика өтөгөн. Кыргызстанда Каржы министрлигинде, банкта тажрыйба топтогон Чолпон Варшава шаарындагы Вистула университетинде эки жыл магистратурада окуп жүрүп, кийин аталган компанияга орношуп калганын айтат.

АКШда мигранттардын укугун коргогон алгачкы кыргыз жактоочусу Манас Муратбеков

© Фото / Мээрим Жыргалбек кызыАдвокат Манас Муратбеков
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Манас Муратбеков

Манас Муратбековдун балалыгы Баткенде өткөн. Бирок өжөрлүк сапаты менен жогорку окуу жайга тапшырып, андан АКШга барып өз жөндөмүн көрсөтүүгө жетишти. Манас Муратбеков Американын Ыйык Собор университетинин алдындагы юридикалык мектептен билим алган (ST. THOMAS UNIVERSITY SCHOOL OF LAW). Азыркы тапта ал Нью-Йорк штатында адвокат лицензиясын алып, Кыргызстандан жана Борбор Азиядан барган мигранттардын укугун коргойт. Баса белгилей кетсек, ал Орто Азиядан барган мигранттардын укугун коргогон алгачкы кыргыз жактоочусу

Франциянын падышалык колледжинде лекция окуган Нурлан Наматов

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык окумуштуу Нурлан Наматов
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окумуштуу Нурлан Наматов

Нурлан Наматовдун китептерин Европанын мыкты университеттеринин студенттери окушат. Кыргызстандык окумуштуу 2017-жылы француз интеллигенциясынын арасындагы кадыр-барктуу делген "Колледж Франс" окуу жайына лекция окууга чакырылган. Аталган окуу жайдын профессору болуу француз окумуштууларынын арасында өзгөчө мааниге ээ. Университет Франциск Iчинин учурунда профессорлор институту катары түзүлүп, 1870-жылдан бери "Падышалык колледж" деп аталып келет.

Нурлан Наматов бул көп жылдык эмгектин үзүрү экенин айтат.

АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит Кайрат Сабыров

© Фото / из личного архива Кайрата СабыроваАКШга барып окумуштуу болгон Кайрат Сабыров
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон Кайрат Сабыров

Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгон Кайрат Сабыров учурда Америка Кошмо Штаттарындагы Калифорния университетинде иштейт. Ал химия жаатындагы нанотехнологиялар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. 10 жылдан бери АКШда жашап, ийгилик жараткан мекендештин маегин Sputnik сайтынан окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0