Бишкектеги жаңы жылдык балаты качан алынары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жаңы жылдык балаты. Архив
Бишкекте жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык мэрия жаңы жылдык майрамдоонун жыйынтыгын чыгарып, акчалар кайда кеткендигин айтты. Муниципалитет эмдиги жылы чыгымдарды азайтууга сөз берүүдө.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте жаңы жылдык балатыларды жана кооздуктар 20-январдан баштап алынарын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет майрамдоонун жыйынтыгын чыгарды:

  • чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк болуп, жаңы жылдык кооздоого корогон акча 5,4 миллион сомго жетти;
  • мэрия баарын өз күчү менен жасоого аракеттенген. Мисалга, майрамдык такталарга Капиталдык курулуш башкармалыгы 826 миң сом сарптады. Инсталляция "Бишкекжарык" ишканасынын цехинде жасалды;
  • башкы балаты 960 миң сомго турду. Бул былтыркыга караганда 1,4 миллионго арзан;
  • жаңы жылдык кооздуктар, конструкциялар сакталып, эмдиги жылы да колдонууга берилет.

Мэриядан билдиргендей, бөлүнгөн акча декорациядан тышкары шоу-программаларга жана башка иш-чараларга да сарпталган.

"Мэрия ошону менен катар электр энергиясына, жабдыктарга, үн аппараттарына, фото жана видеоархивге, сахнанын монтаж жана демонтажына, анын көркөм жасалгасына, 20 биотуалеттин коюлушуна, фейерверктерге, транспортко, иш-чарага чейинки жана андан кийинки тазалоо иштерине акча төлөйт", — деп жазылат билдирүүдө.

Муниципалитет жылдан-жылга чыгымдар азаярына сөз берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0