Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучулар. Архив
Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык муниципалитеттен аталган колдонмо кантип иштери жана долбоорго кайсы кызматтар кошулары айтылды.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте балдардын коопсуздугу жана ата-энелердин көзөмөлү үчүн түзүлгөн "Окуучунун коопсуздугу" мобилдик колдонмосу чыкканын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бет ачар №24 мектепте өттү. Мэриянын санариптик технологиялар борборунун адистери ата-энелерге жаңы электрондук колдонмо тууралуу айтып берип, анын иштешин көрсөтүштү.

 Инфоком мамлекеттик ишканасы Санарип ID виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө - Sputnik Кыргызстан
"Инфоком" виртуалдуу паспорт чыгарууга белсенүүдө
Долбоор балдар жана ата-энелер деген эки колдонмодон турат. Программа ата-энелерге баланын жүргөн жерин аныктап берет. Эгер бала телефон чалууну укпай калса, ага үнү катуу чыккан коңгуроо жиберилет. Балдар үчүн колдонмодо ата-энелер менен сүйлөшүүчү чат жана ата-энелерге, милицияга, тез жардамга же "Балдар үчүн 111 ишеним номери" борборуна билдирүү жөнөтүүчү SOS кнопкасы орнотулган.

Кийинчерээк долбоорго окуучунун мектепте кандай окуп жатканын карап турган "Электрондук күндөлүк" программасын жана электрондук билеттештирүү боюнча баланын коомдук транспортко качан отуруп, канчада чыккандыгын көрсөтүүчү "Тулпар" колдонмосун киргизүү пландалууда. Программага ШИИБ, Билим берүү башкармалыгы, Бишкектин шашылыш жардам көрсөтүү кызматы да киргизилери айтылды.

Колдонмонун бета-версиясы январдын аягында Android жана IOS смартфондорунун базасында жана смарт-сааттарда колдонууга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0