Чүйдө оорукананын жанынан аялдын сөөгү табылды. Милиция жакындарын издөөдө

© AFP / JEFF PACHOUDАялдын өлүгү. Архив
Аялдын өлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашы болжол менен 55-60та, европа тегиндеги аялдын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери жок. Чачы куу баскан, арыкчырай.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чүй облусунун аймактык ооруканасынын жанынан аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сөөк 5-январь күнү Сокулук милициясы тарабынан табылган.

"Жашы болжол менен 55-60та, европа тегиндеги аялдын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери жок. Чачы куу баскан, арыкчырай. Үстүндө көк түстөгү спорттук куртка, кара шым, кара бут кийим", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция аны көрүп, билген же тааныгандар болсо ким экенин аныктоого жардам берүүсүн суранат. Сокулук райондук милициясынын номери: 0 (313) 25-33-80, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29.

Жаңылыктар түрмөгү
0