Мэрия: "Ататүрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүү"Шайтан дөңгөлөк" аттракциону. Архив
Шайтан дөңгөлөк аттракциону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин "Ататүрк" сейил багындагы аттракциондор эскилиги жетти. Эми жаңысын орнотуу үчүн тендер жарыяланат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Ататүрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат. Бул тууралуу шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Буга чейин аталган сейил бакта бир нече аттракцион алынып жатканы айтылган эле.

Алмамбетованын маалыматына караганда, кезек "шайтан дөңгөлөккө" жетти.

"Аттракциондун конструкциясы абдан эскирип, кооптуу болуп калды. Атургай шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Ошондуктан алып салуу чечими кабыл алынды. Эскирген 28 аттракцион жок кылынгандан кийин жаңыларын орнотуу үчүн тендер жарыяланат", — деди Алмамбетова.

Последствия урагана в Ростовской области - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы 10 млн. сомго беш самосвал алмакчы
Ал кошумчалагандай, мэрия көңүл ачуу жайларындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.

"Бул максатта былтыр Панфилов паркындагы аттракциондор жаңыланды. Баса, бул парктын ижара мөөнөтү аяктагандыктан, муниципалитет аны өзүнө кайтарып алганы жатат", — деди кеңешчи.

2019-жылы мэрия жалпысынан 2 659 объектини жок кылды. Анын ичинде капиталдык жана жеңил курулуштар, рекламалык конструкциялар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0