01:48 17 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7314
  • RUB1.1008
Коом
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

2019-жылда Кыргызстандын бардык аймактарында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жашылчалар көбүрөөк жыйналды. Көлөмү жагынан биринчи орунда помидор турат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Былтыр республика боюнча 1 миллион тоннадан ашык жашылча чогултулду, бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Мисалы, помидор 240 миң тоннадан ашты, бул мурдагы жылдагыдан 7,1 пайызга көп дегенди түшүндүрөт. Сабиз 3,2 пайызга (182 миң тонна), бадыраң 8,7 пайызга (130 миң тонна), сарымсак 25 пайызга (124 миң тонна) көбөйдү.

Дыйкандар былтыр капуста менен пияздан дагы мол түшүм алды. Тагыраагы, өлкөдө жалпысынан 134 миң тонна капуста чогултулду. Бул 2018-жылдагыдан 9,1 пайызга көп. Пияз ага жетпесе дагы 4 пайыздан (200 миң тонна) жогорураак болду.

Мындан тышкары, калемпир, чамгыр, баклажан сыяктуу жашылчалар дагы мурдагыдан көп жыйналды.

Тема боюнча

Кыргызстанга акча которуулар 290 млн. долларга кыскарды
Картошкасын алуу үчүн мыйзамды да бузушат. Кум-Дөбө айылынын баяны
Белгилер:
статистика, жашылча, дыйкан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ