ЖК депутаты дарыгерлерге кол көтөргөндөрдү жазалоону сунуштоодо

Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан 2019-жылга чейин Тез жардам кызматкерлерине 40 жолу кол салган учур катталган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков медицина кызматкерлерине кол көтөргөндөргө жаза киргизүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер кышкы депрессиядан арылуунун жолун айтып берди
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан 2019-жылга чейин Тез жардам кызматкерлерине 40 жолу кол салуу болгон.

Эл өкүлү алгачкы жардам көрсөткөн ак халатчандардын кесиптик ишмердүүлүгүнө жолтоо болгондорго карата төмөндөгү жазаларды колдонууну сунуштады:

жашы жете электерди 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, жеке жактарды 30дан 40 саатка чейин иштетүү же жашы жете электерге 5000ден 14 миңге чейин, жеке жактарга 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салуу;

Эгер өспүрүм дарыгерлерге экинчи ирет кол көтөрсө 30дан 40 саатка чейин, чоңдор 40тан 60 саатка чейин коомдук жумушка тартылат же жашы жете электин ата-энеси 15 миңден 25 миң сомго чейин, жеке жактар 30 миңден 60 миң сомго чейинки айыпка жыгылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0