Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев"Торугарт" өткөрүү пункту. Архив
Торугарт өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара Кытайдын демилгеси менен жабылмакчы. Бул аралыкта аталган мамлекетте жаңы жыл майрамы белгиленет.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер Кытайдын жаңы жыл майрамына байланыштуу болуп жатат. 24-январда жабылган өткөрүү бекеттери 30-январга чейин иштебейт.

Элди, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 2020-жылдын 31-январынан баштап жанданат.

Жаңылыктар түрмөгү
0