11:54 24 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Коом
Кыскача шилтеме алуу
410 0 0

Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштыруучу альтернативалуу магистралдын курулушу 2014-жылы башталган. Анын узундугу 433 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалуу трасса 2021-жылдын жай айларында ишке берилип, тоннелди эске албаганда акысыз болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштыруучу альтернативалуу магистралдын курулушу 2014-жылы башталган. Анын узундугу 433 чакырымды түзөт. Көк-Арт ашуусунда 3 890 метрлик тоннель курулуп, Фергана өрөөнүнүн түндүк жана түштүк тарабын бириктирип турат.

"Жол 2021-жылдын жай айларында ишке берилет. Акысыз болот, бирок тоннелден өткөн учурда төлөм алынат, анткени аны тейлеш керек. Алынуучу акынын көлөмү азырынча белгисиз, көрөбүз", — деди Бердалиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын 600 чакырымга созулган Бишкек — Ош жолу гана байланыштырып турат. Жол деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктиктен өтүп, серпантини көп. Кышында кар көчкү жүрүү кооптуулугу күч болот.

Ал эми жаңы салынуучу альтернативдүү трассанын курулушу 850 миллион долларга бааланып, каражаттын басымдуу бөлүгүн Кытай бөлүп берген.

Тема боюнча

Искаков: Түндүк — Түштүк жолун акы төлөнүүчү трасса кылуу пландары бар
Жээнбеков өлкөнүн жолдорун оңдоого канча каражат керектигин айтты
Белгилер:
тоннель, Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу, курулуш, трасса, жол

ЭҢ МААНИЛҮҮ