Президент 7 жол эреже боюнча айып пулду азайтуу мыйзамын жактырды

Жазылуу
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган. Эми ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, төмөнкү эрежелер бузулса айып пулдун көлөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүлөт:

  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);
  • токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же манёвр жасоо эрежелерин бузуу;
  • тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0