Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАт жетелеп бараткан адам. Архив
Ат жетелеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жума күнү, 17-январда, күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Ал эми Талас облусунда, Чүй, Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында -4...+1, Талас аймагында 0...-5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.

Борбор калаада 0...-2 градус суук болсо, Ош шаарында термометр -1...+1 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0