Бишкекте автобустардын кээ бир айдоочулары нааразычылыгын билдирүүдө

Жазылуу
Мэриядан билдиргендей, муниципалитеттин кээ бир айдоочулары "нак акчадан кол жуугусу келбей", нааразы болуп жатышат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкектин мэриясы троллейбустагы төлөм терминалына чапталган сүрөт тууралуу түшүндүрмө берди.

Сүрөт "Сейчас KG" Телеграмм каналына жарыяланган. 

"Бишкекте автобустардын жана троллейбустардын кээ бир айдоочулары электрондук билетке каршы чыгышууда. "Шабашка" алууга тоскоол болгон көйгөйдү алар төлөм терминалдарына сүрөттөрдү чаптоо менен чечип жатышат", — деп айтылат постто.

"Кээ бир айдоочуларга нак акчадан кол жууп калуу кыйынга турууда. Кээ бир айдоочулар тарабынан нааразычылык болуп жатат. "Тулпардын" адистери айдоочуларга тренингдерди өтүп, валидаторлорду текшерүү үчүн рейддерди жүргүзүшкөн. Мунун ишке киргендигине аз эле болду, өзүнө тестирлөөнү, окутууну, каталардын үстүндө иштөөнү камтыган долбоор сынамык этабында экендигин унутпайлы", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн шаардын бардык автобус жана троллейбустарына электрондук түрдөгү жүргүнчү билеттердин эсебин алуучу стационардык валидаторлор коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0