05:36 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Коом
Кыскача шилтеме алуу
467 0 0

Германиянын өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро грант алуу боюнча мыйзам долбоору парламентте каралды. Бирок маселе күн тартибинен алып салынды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Германиядан алына турган насыя менен грантты ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароодон баш тартып, күн тартибинен алып салды.

Буга демилгечи катары баяндама жасап жаткан финансы министринин орун басары Сүйөркүл Абдыбалы Тегин суроолорго жооп бере албай, даярдыксыз келгени себеп болгону айтылды. Ушуга байланыштуу депутаттар анын так түшүндүрмө беришин талап кылып, мыйзам долбоорун артка кайтарышты.

Бул мыйзам долбоорунун биринчи этабында Кыргызстан Германиянын өнүктүрүү банкынан 9 миллион евро грант алган. Ал эми экинчи этабында 22 миллион евро кредит, 5 миллион евро грант алуу пландалууда. Финансы министринин орун басары насыянын шарттары тууралуу кенен маалымат бере алган жок.

Бүгүн, 16-январда, парламенттин жалпы жыйынында 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилген.

Тема боюнча

Кыргызстан алган карызын туура иштетпей 772,2 млн. сом айып төлөдү. Видеоиликтөө
Белгилер:
кредит, мыйзам долбоору, депутат, кайтаруу

ЭҢ МААНИЛҮҮ