Операция жасалган жаш барска бишкектик кыз 9 кг эт алып келди. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСнежный барс найденный в Таласской области
Снежный барс найденный в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таласта адамдардын колунан жаракат алып, көзү сокур болуп калган бала илбирске кыргызстандыктар жардам көрсөтө баштады.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кайдыгер карабаган адамдар Таластан жарадар болуп табылып Бишкекке жеткирилген бала барска жардам бере баштагандыгын "Бугу-Эне" коомдук фондусунун директору Салтанат Сеитова билдирди.

Жырткычты Талас облусунан Бишкекке 10-январда алып келишкен. Рентген анын денесинен, башынан чачма окторду тапкан. Ал борбор калаага жеткирилгенден кийин ветеринарлар операция кылышкан. Анда жырткычтын оң  көзүнүн кареги жарадар болгонго чейин эле соолуп калганы анык болгон. Ал эми экинчи көзү адамдар кол салганда жабыркаган. Жаныбарга Жаабарс деген ысым ыйгарышты. Учурда ал "Бугу-Эне" коомдук фондусунун камкордугуна алынган.

"Алина Бакшанова аттуу кыз биздин илбирске тогуз килограмм эт алып келген. Ушундай суукта көтөрүп келиптир", — деп жазды Сеитова.

Ветеринар, мындан сырткары, эл аталган фондунун электрондук капчыгына акча которуп жаткандыгын айтып, ыраазылык билдирди.

Учурда Жаабарстын кантип жашап жаткандыгын видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0