Жумушчу топ Тажикстан менен жер алмашуу боюнча ишке киришти

© Пресс-служба правительства КРТопографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты
Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим 14-январда өткөн эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасында кабыл алынган. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты.

© Пресс-служба правительства КРТопографическая рабочая группа Кыргызстана приступила к проработке вопросов о взаимообмене участками с Таджикистаном
Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты
© Пресс-служба правительства КРТопографическая рабочая группа Кыргызстана приступила к проработке вопросов о взаимообмене участками с Таджикистаном
Топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
1/2
Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты
2/2
Топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, чек ара көйгөйүн чечүү максатында 14-январда эки тараптын делегациялары жолуккан. Натыйжада топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейин Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Жогорку Кеңештин алдында чек арадагы чыр-чатактарга байланышкан митинг өтүп жатканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
Чек ара боюнча бишкектиктер да митингге чыгышты. Сүрөттөр
Топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0