ЖКда кызын зордуктап, аялын сабап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушталды

© AFP / PAUL J. RICHARDSКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат бүгүнкү мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга берилчү жазаны дагы күчөтүү керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өз кызын зордуктап, жубайын сабап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, бүгүнкү учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга берилчү жазаны дагы күчөтүү керек.

"Апасынан ажыраган өзүнүн кызын зордуктаган ата, аялын сабаган эркектер катуу жаза алышы керек. Керек болсо өлүм жазасына тартылсын, өмүр бою эркинен ажыратылышы зарыл. Коомчулук дагы кошунасы аялын сабап жатса көз жумуп койбой, реакция жасашы шарт", — деди Алтыбаева.

Ошондой эле кылмыштар болбошу үчүн алдын алуу, түшүндүрүү иштерине көңүл буруу керектигин кошумчалады. Депутат үй-бүлө баалуулуктары жоголуп бара жатканын айтып, телеканалдарда үй-бүлө тууралуу жагымдуу эфирлер көрсөтүлбөгөнүнө нааразы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0