Баткенде чек ара көйгөйүнөн улам уюштурулган митинг өтүүдө. Сүрөттөр

© Фото / Зульфия Тургунова Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты
 Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-январга караган түнү чек арага жакын аймакта тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тарап ок чыгарганы айтылган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты.

© Фото / Зульфия ТургуноваУчастники митинга против приграничных конфликтов в городе Баткен
 Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты
© Фото / Зульфия ТургуноваУчастники митинга против приграничных конфликтов в городе Баткен
Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, ушул тапта 100дөн ашуун киши чогулуп турат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, ушул тапта 100дөн ашуун киши чогулуп турат
© Фото / Зульфия ТургуноваУчастники митинга против приграничных конфликтов в городе Баткен
Алардын Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары экени айтылды - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алардын Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары экени айтылды
© Фото / Зульфия ТургуноваУчастники митинга против приграничных конфликтов в городе Баткен
Чогулгандар акыркы мезгилдердеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана чек арадагы чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган төрт жергиликтүү жашоочунун камактан бошотулуусун талап кылып жатышат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Чогулгандар акыркы мезгилдердеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана чек арадагы чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган төрт жергиликтүү жашоочунун камактан бошотулуусун талап кылып жатышат.
1/4
Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты
2/4
Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, ушул тапта 100дөн ашуун киши чогулуп турат
3/4
Алардын Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары экени айтылды
4/4
Чогулгандар акыркы мезгилдердеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана чек арадагы чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган төрт жергиликтүү жашоочунун камактан бошотулуусун талап кылып жатышат.

Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, ушул тапта 100дөн ашуун киши чогулуп турат. Алардын Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары экени айтылды.

Чогулгандар акыркы мезгилдердеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана чек арадагы чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган төрт жергиликтүү жашоочунун камактан бошотулуусун талап кылып жатышат.

Митингге чогулган эл менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов баш болгон бир катар жетекчилер жолугуп, талаптарды укту.

"Элдин талабын тиешелүү жакка жеткиребиз, бардыгы мыйзам негизинде гана каралат. Чагымчылдыкка шектелип кармалган төрт жарандын ишин сот карап, сот гана чечим чыгарат", — деди Салихов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал

Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашууну пландап жатат. Протокол
Үстүбүздөгү жылдын 10-январына караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тараптын ок чыгарганы айтылган.

Ал эми тажик тарап эки ортодогу чырга кыргызстандыктар күнөөлүү экенин айтып келет.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал эми 14-январь күнү вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган КР делегациясы Исфара шаарында тажикстандык делегация менен жолугуп, протоколго кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0