Бажычылар Дубайга эс алуу үчүн учак жалдашканбы? Расмий жооп

© AFP / PATRICK BAZДубай. Архив
Дубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп бажы органдарында жогорку кызматтарды ээлеген 15 адам тууралуу болгон. Алар үй-бүлөсү менен Алматы шаарынан Дубайга учуп эс алышканы айтылган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы ведомствонун кызматкерлери жаңы жылдык эс алуу учурунда учак жалдап, Дубайга барып келген деген маалыматты төгүндөдү.

Бул тууралуу маалымат 14-январь күнү жергиликтүү ЖМКларга чыгып кеткен. Кеп бажы органдарында жогорку кызматтарды ээлеген 15 адам тууралуу болгон. Алар үй-бүлөсү менен Алматы шаарынан Дубайга учуп барып келгени айтылган.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Бажы кызматынын жетекчилиги жаңы жылды Кыргызстанда эле тосушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон айрым адамдар ушундай жол менен бажы кызматын каралагысы келип жатканын белгилешти.

Эске салсак, жыл башында кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0