Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы жөнүндө долбоор башталды

© © RTСпециальный проект #СтраницыПобеды
Специальный проект #СтраницыПобеды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду жаш адистер иштеп чыккан. Эмгек жаштарга багытталып, аларга согуш жөнүндө заманга бап стиль менен баяндап беришет.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын, жүрүшүн баяндаган #СтраницыПобеды деп аталган атайын долбоор түзүлдү. Бул туурасында Russia Today кабарлады.

Долбоор согуш тууралуу digital art жана жаңы медианын призмасынан баяндайт. Андагы беш платформанын ар бири өзүнчө уникалдуу эмгек. Арадан 75 жыл өтсө да миллиондогон адамдардын тагдырын чечкен бул окуя курч, көңүлгө бекем орногон. 

Идеянын автору Кирилл Карнович-Валуа жаштардан турган уникалдуу чыгармачыл команданы топтоого мүмкүн болгонун билдирген. Алар — художниктер, дизайнерлер, иллюстраторлор, композиторлор жана режиссёрлор.

"Санарип искусствосу — заманга бап жана көп түрлүү тил, аны жаштар жакшы түшүнөт. Андыктан адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу согуштун аякташынын 75 жылдыгына карата азыркы заманбап медианын тили менен айтып берүүнү чечтик.  #СтраницыПобеды  — адамдардын  көз жашка толгон окуялары, бул долбоорду биздин команданын ар бир катышуучусу дилин төшөп, жанын таштап коюп иштеди", — деп айтып берди ал.

#СтраницыПобеды социалдык тармакта беш платформа менен иштейт: Twitter, Instagram, Facebook, "ВКонтакте" жана YouTube.

#ТвитыПобеды

Twitter тармагында 1945-жылдын акыркы айларынын тарыхый реконструкциясы жүрөт. Анда Кызыл Армиядагы фронттун командачылары, ЖМКлар кандай микроблогдорду жазмак эле деген кызык ой сунушталган. 

#ПисьмаПобеды

Instagram тармагында ошол катаал мезгилдеги жүздөгөн каттардын саптары "Түгөнбөгөн каттарга" айланат. Анын иллюстрациясын Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат боюнча Россия академиясынын  дизайн мектебинин студенттери жана белгилүү художниктер Михаил Соркин менен Пётр Банков тарткан.

 

#ЭкспозицияПобеды

Facebook тармагында digital art адистери Улуу Ата Мекендик согуш туурасында баяндап берет. Ал кездеги сүрөттөргө учурдагы VR, 3D, түсүн жакшыртуу жана башка ыкмалар менен жаңы өмүр берүү планы коюлган.

 

#ЗвукПобеды

Өздөрүнүн автордук подкасттарында Аня Фёдорова ар кыл кесиптеги адамдар, өзгөчө чыгармачыл инсандар менен  согуштун мурастарын талкуулайт. Ага жүрөктүн түпкүрүн козгоп кеткен обонду музыкант Максим Макарычев (On-The-Go, Sirotkin) жазды. Жакынкы аралыкта легендарлуу тележурналист Владимир Молчанов, маданият таануучу  Мэган Виртанен жана Oda Mae долбоорунун автору Мария Крыжановская сөз алат.

Подкасттар бир нече платформаларда, анын ичинен ВКонтакте тармагында да болот.

#АзбукаПобеды

"Азбука Победы: От Бреста до Рейхстага" деп аталган даректүү фильм 1954-жылдагы Советтик Армиянын жолун чагылдырат. Авторлор согуштан тынчтыкка аттап, тарыхты жандантууга болобу деген суроого жооп издейт.

Аны YouTube каналынан көрүүгө болот.

2019-жылдын июнь айында #СтраницыПобеды долбоорун баштоо учурунда аны түзгөн команда #1917LIVE жана  #Romanovs100 буга чейин иштеп чыккан "Май" шрифтин көрсөткөн. Ал Рейхстагда 1945-жылдын жаз айында жоокерлер жазып калтырган жазуулар менен толтурулган. Аны https://pobeda.page/font/ шилтемеси менен кирип, көчүрүп алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0