Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан тарап жүк ташуучу унааларга кошумча текшерүү жүргүзгөн жок, бекет штаттык режимде иштеп жатат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын көзөмөл өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.

"Бүгүн саат 14:30га карата "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинин алдында Казакстанды көздөй багыт алган 12 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Кошумча текшерүү иштерин Казакстандын Киреше комитетинин өкүлдөрү жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу учурда "Ак-Тилек" бекетин көздөй кеткен жолдун боюна 130дай жүк ташуучу унаа топтолуп калды (дагы 12си кезекте турат). Айдоочулардын айтымында, алар жүк ээлеринен коштоочу документтерди күтүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0