Үйдө төрөлгөн эгиздер. Тез жардамдын таңда кабылган окуясы

© Фото / PixabayНоворожденные близнецы
Новорожденные близнецы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлардын абалы жакшы. Учурда эне менен балдар Бишкектеги перинаталдык борборго жеткирилди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгерлери үйлөрдүн бирине шашылыш чакыруу менен барып, ошол жерден эгиз балдарды жарыкка алып келди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Анын айтымына караганда, Тез жардамга толгоо башталганы боюнча маалымат 14-январда саат 06:20да келип түшкөн. Дарыгерлер 20 мүнөттө жетип келгенде, аял төрөй баштаган.

Обстрел в Донецке - Sputnik Кыргызстан
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
Ак халатчандар келинди үйдөн төрөтүүнү чечишкен. Жарыкка эки эркек бала келген. Биринин салмагы — 2 кг, экинчи ымыркайдыкы —2,5 кг экендигин айтышты.

Борисов учурда эне менен балдардын абалы канааттандырарлык экендигин билдирди. Алар Бишкектеги перинаталдык борборго жеткирилген.

Буга чейин аталган үй-бүлөнүн уулу болгонун, бул келиндин экинчи төрөтү экендиги маалым болду.

Борисов Тез жардам кызматкерлери аялды үйдөн төрөткөн бул биринчи окуя эместигин, ал эми эгиз болуп калганы сейрек көрүнүш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0