Милиция "чет элдиктер бала жеди" деп уу-дуу түшүргөндөрдү издеп жатат

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoРабота мессенджера WhatsApp
Работа мессенджера WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон тоолуу жерде аялдар ыйлап, кишилер кыргыз тилинде нааразы болуп сүйлөп жаткандыгын көрүүгө болот. Ысык-Көл облусунун администрациясынан түндө бул маалыматты жалган деп айтышкан.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Социалдык тармактарга "Кыргызстанда иштеген кытайлыктар бала жеген жер табылды" деген жалган видео тараткандар изделип жатат.

Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда тоолуу жерде аялдар ыйлап, кишилер кыргыз тилинде нааразы болуп сүйлөп жаткандыгын көрүүгө болот.

"Бул видео 10-январда Кумтөр кенинде жер көчкү басып калып, табылбай жаткан эки адамга арналып куран окулган учур", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
4 баланын атасы... Кумтөрдө изделип жаткандар тууралуу маалымат айтылды
Sputnik Кыргызстан түндө бул видео социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин жаназага барган өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн маалымат кызматы менен байланышып, расмий жооп алган.

Алар "бала желген" деп таратылган видео чындыкка дал келбегендигин билдирген.

ИИМдин маалыматында учурда милиция кызматкерлери бул маалыматты тараткандарды табуу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүп жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0