Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине кеңешчи болду

© Sputnik / Нургуль МаксутоваИнтервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым
Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабеков Кытайга россиялык кесиптеши Николай Загородний менен барган. Алар өлкөнүн алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиядагы инновациялык технологиялар боюнча лекция окушкан.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчи болуп дайындалды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, академик Жумабеков 4-январдан 12-январга чейин иш сапары менен Кытайда болгон. Ал россиялык кесиптеши Николай Загородний менен өлкөнүн алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиядагы инновациялык технологиялар боюнча сегиз лекция окушкан.

"Мындан тышкары, Шанхай, Нанин, Фанчэнган жана Пекин шаарларында жайгашкан университеттин клиникаларындагы бейтаптар консультация алышты", — деп айтылат маалыматта.

Сабырбек Джумабеков провел операцию пострадавшему в авиакатастрофе в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады. Сүрөт
Жумабеков Фанчэнган шаарындагы университеттин клиникасында тизе муундун оорусу боюнча мастер-класс өткөн. Ушул шаарда алдыңкы технологиялар менен 2000 койкалуу медициналык инновациялык борбор курулуп жатканы айтылат.

"Фанчэнган мэри академик Жумабековду медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчиси кылып дайындаса, ал эми шаардын Элдик өкмөтү биринчи шаардык ооруканада травматология жана ортопедия боюнча башкы адис кылып бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Жумабеков менен Загородний Кытайга бир катар мекемелердин чакыруусу менен барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0