Эл каттоо үчүн кызматкерлер изделип жатат. Шарттары

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВсероссийская перепись населения 2010 в республике Алтай
Всероссийская перепись населения 2010 в республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Ага жалпысынан 27 миң кызматкер тартылат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасына убактылуу кызматкерлерди издеп жатат.

Ведомствонун маалыматына караганда, талапкердин жашы 18ден жогору болушу керек.

"Мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык изилдөөлөргө катышкан, кыргыз жарандыгы бар адамдарга артыкчылык берилет. Мындан тышкары, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу шарт", — деп айтылат билдирүүдө.

Улицы города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Эл каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат
Талапкерлер үч кызмат ордуна жана ар кандай мөөнөткө алынат. Тагыраагы, каттоочулар — 1 айга, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр — 1,5 айга, координаторлор — 3 айга. Айлыгы 6 миң сомдон жогору.

Эске салсак, быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Ага жалпысынан 27 миң кызматкер тартылат. Алардын 24 миңи — каттоочулар, 2600ү — инструктор-көзөмөлдөөчүлөр, 500ү — координаторлор.

Эл каттоо тууралуу кенен билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан буга чейин даярдаган макаланы окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0